Жылдыз модели

Википедия дан

Жылдыз модели - массасы жана химиялык курамы белгилүү болгон жылдыздарда заттын басымынын, тыгыздыгынын жана температурасынын теориялык жоболордун негизинде эсептеп чыгарылган бөлүнүштөрү.

Жылдыз моделин түзүү, газдуу жылдыздын тең салмактуулук абалын, механикалык жана жылуулук тең салмактуулугун аныктоого негизделген. Жылдыз модели (химиялык курамы боюнча) бир тектүү жана бир тектүү эмес, жөнөкөй жана татаал, көп фазалуу (абалдын теңдемеси менен энергия ташыгычы боюнча) болуп айырмаланат. Жылдыздардын эң жөнөкөй моделинин сырткы бөлүгү конвекциялуу ядродон жана нур кабыкчадан (оболочкадан) турат. Суутек гелийге өтүүдөгү ядролук реакциянын натыйжасында жылдыздын конвекциялуу ядросунда анын бардык энергиясы бөлүнүп чыгат. Көгүлтүр ысык жылдыздардын борборунун температурасы 30 млн градуска, тыгыздыгы 2 г/смг ге жетет. Күндүн борборунун температурасы 15 млн градуска жакын, тыгыздыгы 100 г/см3; Кызыл карлик жылдыздын борборунун температурасы 10 млн градуска, тыгыздыгы 1000 г/см3 ге жакын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.