Жылдыруу

Википедия дан

Жылдыруу - документти жылдыруу менен, анын каалаган бөлүгүн терезеден көрүүгө болот. Экран терезе катары баамдалып, анда документтин бөлүгү кандайдыр бир бөлүгү көрүнүп турат. Документ терезенин арткы жагы боюнча өйдө жана ылдый, ал эми туурасы кең документ солго жана оңго жылдырылат. Жылдыруу жылдыргыч тилкелеринин (оң жана төмөн жакта орун алган) жебелерин чычкан көрсөткүчүн чыкылдатып басуу менен аткарылат. Документтерди кароо учурунда экрандагы документтин канчанчы барагы көрүнүп турганы жана документтин башка мүнөздөмөлөрү жөнүндөгү маалыматтар статус сабы деп аталган экрандын эң төмөнкү сабында көрсөтүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3