Жылкычылык, куда тосуу жөрөлгөсү

Википедия дан

"Жылкычылык" жөрөлгөсүкыргыз элинин кыз узатуудагы салттарынын бири. Кыздын жана кызды алып кетип жаткан тараптын аттарын багып, ээрин токуп, аткарышкандардын акысы иретинде күйөө бала тарап кыздын инилерине, агаларына багыштап мал беришкен.

"Жылкычылыктын" аз же көп болушу узатылып жаткан кыздын адамкерчилигинин, кадыр-баркынын күйөө тарабынан бааланышына жана күйөөнүн бардарлыгына жараша болгон.

Узатуучу тараптын жигиттери "жылкычылык" сыйына ыраазы болушкан, күйөө, кудаларды бир кыйла жерге узатып чыгышкан. Ыраазы болушпаса, аттардын ооздуктарын салбай, үзөңгү боонун учун төнөлүгүнөн чыгарып, бир аз бастырган соң түшүп кеткидей кылып илештирип, көрпөчөнүн үстүңкү кабатына тикенек төшөп, басмайылды өтө бош тартып, эптеп аткарып жиберишкен.

Мындай «сый» көрүү өтө уят, учу-кыйырга таркалчу шылдың болгондуктан, "жылкычылык" жөрөлгөсүнө бөтөнчө көңүл бөлүнгөн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]