Жылмалооч устанок

Википедия дан

Жылмалооч устанок - металл, жыгач жана таш буюмдарын,тетиктерди абразивдүү аспаптар менен жылмалагыч. Бул станокто жылмалап иштетилгенде, тетик же буюм так өлчөмүнө жана формасына келтирилет, үстүңкү бети тазартылып, сапаты жакшыртылат. Жыгач иштеткич жылмалооч устанокто жылмалоочу материал катары абразивдүү материалдар жабыштырылган тери пайдаланылып, ал иштетилүүчү тетиктин формасына жана станоктун конструкциясына жараша дисктүү, тасмалуу, шпинделдүү, цилиндрлүү жана щёткалуу болуп айырмаланат. Таш буюмдарын жылмалооч станокто жылмалоочу тегерек өгөө колдонулат. Машина жана ири бор курууда жылмалооч станок сүрүүчү, суюктуктуу жана борбордон четтеме болуп бөлүнөт. Суюктуктуу жана борбордон четтеме станок негизинен татаал формадагы буюмдарды жылмалоого арналган. Сүрүүчү жылмалооч устанокто тетик столго бекитилип, жылмалоо шиинделге бекитилген айлануучу сүргүч аркылуу ишке ашырылат. Сүргүчтөр жумшак металлдан (мисалы, жез), жыгачтан, кийизден, териден жасалат. Жылмалоочу материалдар сүргүчкө жабыштырылат же иштетүү убагында берилип турат. Суюктуктуу жылмалооч станокто буюм камерага жайгаштырылып, абразивдүү материал аралашкан суюктуктун агымы менен жылмаланат. Борбордон четтөөчү жылмалооч устанокто сыйымдуулук жайгаштырылып, ал абразивдүү күкүм же эритме менен толтурулат. Сыйымдуулук айланган учурда абразивдүү аралашма кыймылга келип, кыймылсыз турган тетикти жылмалайт. Эмерек жана жыгач өндүрүшүндө жылмалооч устанок лак-сыр капталган жана каптала элек жыгач буюмдарын жылмалоочу болуп бөлүнөт. Сырдалбаган жыгач буюмдарын жылмалоо кол менен электр кыймылдаткычынын жардамы аркылуу, ал эми лак-сыр капталган жыгач материалдар болсо материал дисктеринен чогултулган айлануучу жумшак текстиль барабаны менен ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]