Жылма катар

Википедия дан

Жылма катар - тетиктерди даярдоодо, машиналарды жыйноодо жана имарат тургузууда өндүрүштүн технологиялык процессинин тартиби боюнча жайгаштырылган машиналардын, жумуш ордунун же объектилердин жыйындысы.

Жылма катардын бир жумуш ордунда иштелип бүткөн тетик ал катарды туташтыруучу транспорттук түзүлүш (конвейер) аркылуу экинчи жумуш ордуна, андан үчүнчүгө берилип, аягында тетик толук даяр болот. Иштетиле турган тетиктин санына жараша Жылма катар жеке, түгөйлүү, труппалык болуп айырмаланат. Жеке Жылма катарда бир тетик, түгөйлүү катарда кош тетик, группалык катарда 3-7 тетик иштетилет. Автоматташтырылган 10-25 станоктон түзүлүп, 3-30 тетик иштетилүүчү жарым удаалаш түрдө иштетүүчү Жылма катар орнотулган участка туюкталган өндүрүш участкасы деп аталат. Автоматтык катар сыяктуу эл өнөр жайда ар бир станокту, жумуш ордун үнөмдүү пайдалануу менен эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Бул катар машина куруу, жеңил, курулуш, тамак-аш өнөр жайында жана өндүрүштүн башка тармактарында кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.