Жылуулук сыйымдуулугу

Википедия дан

Жылуулук сыйымдуулугу — нерсенин температурасын 1 градуска (1 °С же 1 К) жогорулатууга сарпталган жылуулук саны. Эгер нерсеге dQ жылуулук саны берилгенде, температурасы dТга жогоруласа, анын жылуулук сыйымдуулугу С=dQ/dT боюнча аныкталат жана Дж/град менен өлчөнөт. Катуу заттардын жана газдардын жылуулук сыйымдуулугу туруктуу чоңдук болбостон, температурага көз каранды. Бирдик массадагы берилген затты бир градуска ысытуучу жылуулук саны ал заттын салыштырма жылуулук сыйымдуулугу деп аталат, бирдиги Дж/градкг. Массасы бир моль затты бир градуска ысытууга керек болгон жылуулук саны молдук жылуулук сыйымдуулугу деп аталат. Газдардын туруктуу көлөм жана басым кезиндеги жылуулук сыйымдуулугунун чоңдугу түрдүүчө болот. Эгер газ туруктуу көлөмдө ысытылса, анда сыртка жумуш аткарбастан, берилген жылуулук толугу менен нерсенин ички энергиясын көбөйтүүгө жумшалат. Эгер газ туруктуу басым кезинде ысытылса, анын көлөмү кеңейип, берилген жылуулуктун бөлүгү сыртка жумуш аткарат. Демек, бул учурдагы жылуулук сыйымдуулугу туруктуу көлөмдөгүгө караганда көп. Ысытуудан катуу заттардын көлөмү аз өзгөргөндүктөн, алардын көлөмү жана басымы туруктуу кезиндеги жылуулук сыйымдуулугу дээрлик барабар (к. Дюлонг Пти закону). Катуу заттардын жылуулук сыйымдуулук теориясын Эйнштейн жана Дебай иштеп чыккан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]