Жылуулук энергетикасы

Википедия дан

Жылуулук энергетикасы - жылуулук техникасынын жылуулук, электр жана башка кыймылдаткычтардын жардамы менен жылуулукту энергиянын башка түрүнө өзгөртүүчү (негизинен механикалык энергияны электр энергиясына) тармагы. Жылуулуктун эсебинен механикалык энергияны өндүрүү үчүн жылуулук күч курулмалары колдонулат. Мындан алынган мехаикалык энергия жумушчу машиналарды (металл иштетүүчү станоктор, автомобилдер, конвейерлер жана башка) же электр энергиясын иштеп чыгуучу электр-механикалык генераторлорду кыймылга келтирет. Жылуулуктун электр энергиясына айланышы электр-механикалык генераторсуз эле ишке ашса, мындай курулмалар энергияны түздөн-түз айландыруучу болуп эсептелет. Буларга магнит-гидродинамикалык жана магнит-термоэлектрдик генераторлор, энергияны өзгөртүп түзгүчтөр кирет. Жылуулукту электр энергиясына айландыруу негизинен жылуулук электр станцияларында ишке ашырылат. Мында күйгөн отундун, ядролук отундун, жердин ички жылуулугунун, Күн системасынын энергиясы пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]