Жылуулук өткөрбөс материалдар

Википедия дан

Жылуулук өткөрбөс материалдар - имараттардын тосмо конструкцияларын, жылуулук установкаларын, түтүктөрдү айлана-чөйрө менен жылуулук алмашуудан сактоочу, жылуулукту аз өткөрүүчү заттар.

Даярдалган алгачкы материалына жараша Жылуулук өткөрбөс материалдар органикалык жана органикалык эмес материал болуп айырмаланат. Органикалык Жылуулук өткөрбөс материалдарга өсүмдүк менен жапыбарлардан алынган заттар (була, жүн ж. б.), орг. эмес материалдарга асбест, минералдык же айпек кебез ж. б. кирет. Бул материалдар имараттын тосмо конструкцияларын жылуулоочу, суукту жана ысыкты өткөрбөй сактоочу материалдар катары колдонулат. Жылуулук алмашууну болтурбай турган айрым материалдар да (кебез, плита, кирпич, блок ж. б.) болот.

Жылуулук өткөрбөс материалдар көңдөй, жеңил жана борпоң болот. Мис., газобетондун жадны көңдөйүнүн көлөмү 80-90%, ал эми уячалуу пластмассалардыкы 90-98% Кээ бир Жылуулук өткөрбөс материалдарды даярдоодо арматура катарында жыгач таарындылары, асбест буласы кошулат. Мындай темир-бетон панели кирпич дубалына Караганда 2,5 эсе жука жана 7 эсе жеңилдик кылат. Имараттардын тышкы тосмо конструкциясына колдонгондо Жылуулук өткөрбөс материалдар дубал жукарып, салмагы жеңилдейт да, болот 1,5-2 эсе, цемент 3-4 эсе аз жумшалат. Ж. о. м-ды энергетикалык, химиялык, металлургиялык өнөр жайларда колдонгондо жылуулукту сактоо жана отунду аз чыгымдоо менен технологиялык процессти күчөтүүгө мүмкүндүк туулат. Жылуулук өткөрбөс материалдарга айнек, минералдык кебездер, көңдөйлүү бетондор, асбестен турган органикалык эмес материалдар жана жыгач таарындысы, камыштан жасалган плиталар, газ толтурулган пластмассалар сыяктуу органикалык материалдар кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.