Жылыткыч

Википедия дан

Жылыткыч дененин кандайдыр бир бөлүгүн жылытуу үчүн колдонулат. Жылыткыч дененин белгилүү жерин кан менен жабдылуусун жогорулатып, ооруну басаңдатат. Түрдүү формадагы резина жана электр жылыткыч белгилүү. Жылыткыч жок болсо анын ордуна ысык суу куюлган оозу бекем бөтөлкө же ысытылган акшак, кум, туз салынган баштыкты колдонсо болот. Резина жылыткычка ысык сууну 2/з бөлүгүнө чейин куюп, ичиндеги желди чыгарып, оозун бекитип, аны сүлгүгө ороп денеге коёт. Эгерде жылыткыч өтө ысык болсо жууркандын сыртынан, анан шейшептин устүнөн, муздай түшкөндө жалаң денеге койсо болот. Аны көпкө койгондо тери кызарып күйүп калбаш үчүн вазелин сыйпоо сунуш кылынат.

Электр жылыткычы.

Жылыткыч врачтын сунушу боюнча колдонулат, анткени кээ бир ооруларда (аппендицит, холецистит, кан агуу, урунуудан кийин, жараат инфекциясы жана башка) коркунучтуу кабылдоого алып келет. Жылыткыч врачтын кеңеши боюнча өнөкөт сезгенүү процесстеринде, травманын кесепеттеринде, ошондой эле үшүп калганда денени жылытуу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8