Жыныс бездери
Жыныс бездери - жыныс айырмасын көрсөтүүчү жана ошол жыныстарга таандык продуктуларды чыгаруучу ички жана сырткы секреция бездери.
Эркектин тукум безинин тышка чыгуучу заты - анын ийрилген урук түтүкчөлөрүндөгү тукум пайда кылма эпителий болуп чыгаруучу эркек клеткалары (сперматозоиддер). Сперматозоиддер 15 жаштан пайда болуп, 55-60 жашка чейин сакталат. Аялдын урук безинин тышка чыкма заты - энелик клеткалар. Алар аялдын тукум безинин кыртыш клеткаларында (фолликулаларда) өсүп жетилет. Жаңы төрөлгөн кыздардын тукум безинин кыртыш катмарында миңдеген алгачкы фолликулалар өсүп жетилбестен жоголуп турат. Кыздардын энелик клеткалары 12-15 жаштан жетиле баштан, кийин уруктанууга жарамдууларынын саны 300-500гө жетип (21-28 күндө бир жолу жетилип турат), 45-50 жашка чейин сакталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.