Жыныс хромосомалары

Википедия дан
Жыныс хромосомалары (XY).

Жыныс хромосомалары - айрым жыныстуу организмде ар кандай жыныстагы особдордун кариотиптеринин айырмачылыгын аныктоочу хромосомалар. Эки бирдей Ж. х-на ээ жыныс гомогаметалуу деп аталат, Х-хромосомасы катары белгиленет. Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ар кандай түрлөрүндө гетерогаметалуу жыныс бир Х- хромосомасына, же айырмаланган эки Х ж-а У Ж. х-на ээ. Көпчүлүк учурда ХУ (адамда, сүт эмүүчүлөрдө) тиби сыяктуу эле ХО (чегирткеде, бүргөдө) тибинде, да эркек жынысы гетерогаметалуу. Ургаачыларда бул учурда мейоздун натыйжасында бардыгы бирден Х-хромосомалуу гаметалар пайда болот, ал эми эркектерде кээ бир гаметалар Х -, башкалары У - хромосомалары менен же Ж. х. калыптанышат. Жумуртка клеткасынын Х-хромосомасын алып жүрүүчү эркектик жыныс клеткасы (сперматозоид) менен уруктанышы ХХ-зиготасынын пайда болушуна алып келет, бул зиготадан ургаачы особь өөрчүгөт. Ал эми Х-хромосомасы жок сперматозоид менен уруктанса эркек особь пайда болот. Канаттууда, көпөлөктө, кээ бир сойлоочуларда жана жерде-сууда жашоочуларда эркек жынысы гомогаметалуу, ал эми ургаачы жынысы гетерогаметалуу. Ж. х. организмдин жыныс белгилерин гана эмес, башка белгилерин да аныктоочу "жыныс менен чиркелишкен" деп аталуучу гендерди да кармайт. У-хромосома (Х-хромосомага салыштырмалуу) гендерге жарды, эреже катары, өлчөмү боюнча кичине, көптөгөн структуралык гетерохроматиндерден турат. Х-хромосомаларынын көпчүлүк гендери У-хромосомаларында кездешпейт, бирок алар гомогаметалуу жыныста толукталат. Жыныс клеткаларынын пайда болуусунда ата-эненин бирөөсүнүн жыныс хромосомаларынын ажырабай калышы, организмдин өнүгүүсүнүн бузулушуна алып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]