Жыпар Исабаева

Википедия дан

Жыпара Исабаева

Ыр куса

Билбейм кимди...

Бирок катуу сагындым...

Каршы агымга келип турат агылгым.

Жан дүйнөмдө жанды жеген кусалык,

Бирок сенден келбейт окшойт айрылгым...


Көкүрөктө,

көөдөндө от тутанып,

Көздөрүмдө көлкүлдөгөн кусалык.

Биз бактылуу боло электе сүйүүдөн,

Айрылыштык, айтчы кантип узадык?..


Жазгым келип сен жөнүндө жакшы ыр,

Жандалбастоо жанга бүткөн бактыдыр.

Жалбырттоодо жалын болуп бүт дүйнөм,

Балким сен деп сыздоо мага бактыдыр?