Жыштыкты автоматтык жөндөө жана күүлөө

Википедия дан

Жыштыкты автоматтык жөндөө жана күүлөө - атайын электр чынжырынын жана түзүлүштөрдүн жардамы менен автогенератордун (өзүнөн өзү козголуучу генератор) козголуу жыштыгын автоматтык башкаруу. Радиотехника, телекоммуникация, энергетикада, электр-магнит толкундарынын жыштыгын бпр деңгээлде кармап туруу же берилген ченемде өзгөртүү үчүн автоматтык жөндөгүчтөр колдонулат. Турмуш тиричиликте жана көпчүлүк өндүрүш жайында колдонулган электр приборлор чыңалуусу 220 В, жыштыгы 50 Гц болгон электр тогу менен иштейт. Электр тогунун жыштыгын 50 Гц деңгээлинде кармоо, электр турбинасынын айлануу ылдамдыгына жана генератордун дүүлүктүрүү чынжырына таасир этүү үчүн электр станцияларында автоматтык жөндөгүчтөр орнотулат. Кээ бир учурда, электр приборлорунда өзүнчө жыштык жөндөгүчтөр колдонулат. Радиотехникада кабылдооч түзүлүштөр бергич станциядан келген радиотолкундарын кабыл алуу үчүн өзүнүн ички параметрлерин өзгөртүп турууга тийиш. Бул иш-чарада кабыл алуучу түзүлүштүн кирүү термелүү контурунун өздүк жыштыгы, бергич станциядан келген радпо толкундун жыштыгына теңдеп күүлөнөт. Мындай күүлөө көпчүлүк кабылдоочтордо автоматтык түрдө ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]