Жээк (дарт)

Википедия дан

Жээк (дарт), желжутма, аэрофагия - жылкынын кекиртме дарты. Кээде уй да ылаңдайт. Мал акырдын кыры, дубал, мамы жана башка нерселерди кемирип, моюнун созуп, өңгөчүн тартып жел жутуп, жел кекирет. Бул өнөкөткө айланса, мал ич көпмө дартына чалдыгат. Дарылоо жакшылыктуу натыйжа бербейт. Муну атайын рацион түзүп, кесек тоютту көп берип, жылкыны таптоо жолу менен айыктырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]