Жээналиев Мейманжан

Википедия дан

Жээналиев Мейманжан (7. 3. 1945-ж. туулган, Сары-Камыш кыштагы) Жумгал (учурда Токтогул) району врач, лингвист.

  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү.
  • Кесиби врач.
  • Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1968).
  • Окууну аяктагандан кииин клиникалык ординатурада (1968-70) билимин өркүндөтүп, аспирантурада да окуган (197073).
  • Республикалык клиникалык ооруканада врач-ординатор (1973-77), Ысык-Көл облусунун Тоң районундук ооруканада башкы врач (1993-97), Саламаттык сактоо министрлигинде башкармалыктын башкы адиси, башчысы (1997-2000) болуп эмгектенген.
  • 2000-ж. Бишкекте «Даңаза» коомдук фондусун негиздеп, анын президенти болгон.
  • 2002-ж. Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү мшшстрлигинин алдындагы академиянын Кыргыз тили жана адабияты факультетин окуп бүтүргөн.
  • Андан соң Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасынын жана Саламаттыкты сактоо министринин мамлекеттик тил боюнча кеңешчиси.
  • Ал «Дарттапма - Диагностика» окуу китебин (2007), «Кыргызча - орусча» медициналык терминдердин сөздүгүн чыгарган.
  • «Жан-соолук - Здоровье» журналынын башкы редактору, «Боргемик - Ордо» эл биримдигинин төрагасы.
  • Кыргыз Республикасынын «Саламаттыкты сактоонун отличниги» (2009).
  • Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2009) жана «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган.
  • «Кыргыз тилинин кырааны» деген наамга татыктуу болгон (2008).
  • Сары-Камыш элинен чыккан белгилүү инсан.
  • Суусамыр элинин саламаттык сактоосуна ар дайым кам көрүп келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9