Жээнчороев Алмасбек

Википедия дан

Жээнчороев Алмасбек (1939, Жумгал району, Чаек айылы - 2009, - Сокулук району, Военно-Антоновка кыштагы) - саламаттыкты сактоонун отличниги.

Фрунзедеги мамлекеттик медидиналык институтун бүтүргөн (1964). Эмгек жолун 1964-ж. Панфилов районундагы кургак учук санаторийинде врач болуп баштаган.

Казакстан Республикасындагы Байкоңур космодромунда аскер врачы (1968-70), Панфилов кыштагында (197182), Нарын облусунун Жерге-Тал кыштагында (1983-85), Сокулук районунун Асыл-Баш кыштагында (1985-87), Суусамыр кыштагында (1987-92), кайрадан Асыл-Баш кыштагындагы ооруканаларда башкы врач (1992-2001) болуп эмгектенген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин көптөгөн Ардак грамоталары (1982, 1984, 1991, 2001) жана 1983-ж. Кызыл Крест коомунун юбилейлик медалы менен сыйланган.

Саламаттыкты сактоонун отличниги наамына татыктуу болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9