Жүгүнүү

Википедия дан

Жүгүнүү - эки колун бооруна алып, башын ийе эңкейип, таазим этүү салты. Келин кайын ата-энесине, кайын ага-жеңелерине, кайын эже-жезделерине, күйөөсүнүн улуу туугандарына учурашуу иретинде күнүгө бир жолу (биринчи кезиккенде) Жүгүнүүгө милдеттүү болгон. Жүгүнткөн улуу кишилер ага алик алган жооп катары «Тилегиңди берсин» деп алкоо айтышып, «Алдыңды бала бассын, артыңды мал бассын. Алганың менен тең кары, ак жоолугуң башыңан түшпөсүн» жана башка бата беришкен. Күйөө биринчи жолу кайын журтунун үстүнө жүгүнүп кирет. Жүгүнүү сыяктуу учурашуу салты дүйнө элдеринде да кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]