Жүлүн
Жүлүн (лат. medulla spinalis) — борбордук нерв системасынын бир бөлүгү. Ал диаметри 1 смге жакын цилиндр формасындагы узун жипче. Жүлүн омуртка түркүгүнүн ичиндеги жүлүн каналында жайгашкан. Жүлүн сыртынан мээ кабыгы менен капталган. Жүлүндүн жогорку жагы сүйрү мээге биригет, ал эми төмөнкү учу I—II бел омурткасынын тушунда ичкерип, андан ылдый акыркы жипчелерге айланат. Ал жипчелер II чычаң омурткасынын ички бетине бекийт. Жүлүндүн моюн жана бел көчүк бөлүгү бир кыйла жоонурак келип, андан кол жана бутту нервдештирүүчү жүлүн нервдери башталат. Ошондуктан жүлүндүн бул бөлүктөрүндө анын башка бөлүктөрүнө караганда нерв клеткалары жана нерв талчалары көп болот. Жүлүндүн ортосу боз, ал эми сырты ак заттан турат. Боз заты арткы, алдыңкы, каптал өсүндүлөрдөн жана аралык заттан турат. Бул өсүндүлөрдө көп сандаган нейрон денелери жайгашкан. Бул нейрондор сезүү жана кыймылдатуу ишин аткарат, ошондой эле ички органдар менен тыгыз байланышып, алардан тынымсыз кабар алат жана ишин жөнгө салат. Жүлүндүн боз затынын ортосунан аны узунунан бойлоп узун ичке жүлүн каналы өтөт. Ал жүлүн суюктугу менен толгон. Сырткы катмары (ак заты) сезгич жана кыймылдаткыч талчалардын тобунан турат. Ак заттын нерв талчалары борбордон четтөөчү жана борборго умтулуучу импульстарды өткөрүүчү жал деп аталат. Нормада кишинин жүлүнү 31 сегменттен (бөлүктөн) турат. Жүлүн сегменттеринин саны андан чыгуучу 31 жуп жүлүн нервинин санына барабар. Жүлүн сегменттери: 8 моюн, 12 көкүрөк, 5 бел, 5 куймулчак, 1 чычаң сегменттеринен турат. Жүлүндүн ар бир сегменти дененин белгилүү гана бөлүктөрүн нервдештирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5