Жүн (биология)
Жүн – кератин группасындагы фибриллярдык белок. Ж-дүн курамында белоктор, углеводдор, майлар, туз, суу, витаминдер, ферменттер жана башка хим. кошулмалар бар. Ж-дүн курамында 18 амин к-тасы табылган. Ж-дүн белогунун өзгөчөлүгү болуп, анын курамында күкүртү көп цистин амин к-тасынын өлчөмүнүн көптүгү. Бул амин к-танын курамындагы дисульфид байланышы Ж-дүн бекемдигин камсыз кылат. Ж-дүн курамындагы күкүрттүн өлчөмү жаныбардын породасына жараша түрдүү болот. Мисалы, меринос прородасындагы койдун Ж-үндө күкүрт 4–5 %, куйруктуу койлордун жүнүндө 3,5 % жана башка.
Ж-дүн чыбашы – бул май жана тер бездеринин продуктусу. Ал Ж-дү сырткы чөйрөнүн ар кандай физ., хим. таасиринен сактайт. Ж-дүн баалуулугу; анын буласынын бирдейлигинде, узундугунда, бекемдигинде, чоюлгучтугунда, гигроскоптуулугунда, түсүндө жана башка.
Меланин пигментинин өлчөмү Ж-дүн түсүн аныктайт. Тирозиназа ферменттери тирозин, адреналин жана кээ бир фенол заттарынын кычкылдануу реакциясын катализдейт. Натыйжада алынган тиешелүү хинон заттары андан ары кычкылданып күңүрт түстөгү меланин заттары алынат. Ж-дүн курамында күрөң кара жана сары-кызыл меланин.
Күндүн ультракызгылт-көк нурлары Ж-дүн структурасына чоң таасирин тийгизет. Мисалы, эксперимент учурунда 50 саат күн нурунун таасири астында болгон Ж-дүн курамында күкүрттүн өлчөмү 2,4 %ке азайган. Күз айынан жаз айларына чейин амин к-талардын саны 81 %тен 76 %ке төмөндөгөн. Бул учурларда Ж. булаларынын физ. касиеттери начарларап, морт болуп калат.
Ж-дүн пайда болуусу үчүн малдын тоютунда организмге сиңирилүүчү протеиндин 8 % курамында күкүрт кармаган амин к-талар болуш керек.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4