Жүрүш (аскердик)

Википедия дан

Жүрүш (аскердик) - (фр. marche жүрүү, алдыга жүрүү) 1) күжүрмөн тапшырманы аткаруу үчүн белгилүү бир убакытта мерчемдүү аймакка келүү максатында аскерлердин уюшкандыкта транспорт каражаттары менен же жөө жүрүүсү. Жүрүш эреже катары түнүндө, жашыруун, ал эми күжүрмөн иш-аракет убагында жана аскердик ооруктарында күндүзү болот. Жүрүштүн негизги көрсөткүчтөрү: алыстыгы (баштапкы чектен мерчемдүү чекке чейинки жолдун узундугу км менен); узактыгы (саат же сутка менен баштапкы чекти өтүү убактысынан мерчемдүү аймакта толук топтолгонго чейин); бөлүнгөн багыттардын саны же кыймыл тилкесинин кеңдиги; суткалык өтүүлөрдүн саны жүрүш убагында бир суткада аскерлер басып өткөн аралык; суткалык өтүүлөрдүн алыстыгы (км менен); колонна кыймылынын орточо ылдамдыгы (жүрүү ылдамдыгы); сутка (саат) ичинде кыймылдын убактысы; 2) согуштук тапшырманы аткаруу үчүн аскерлердин же согуш кемелеринин жолго чыгышы. Армиянын (флоттун) душмандын аймагына басып кирүүсүн, алыскы аралыкка аскерлердин (кемелердин) орун которуусун, согушууну жана салгылашууну камтыган күч-аракеттер; 3) уюмдашкан түрдө чыгуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]