Жүрөктүн ишемия оорусу

Википедия дан

Жүрөктүн ишемия оорусу - жүрөк-кан тамыр системасынын көп тараган оорусу; негизинен жүрөктүн таажы сымал артерияларынын атеросклерозунан улам жүрөк булчуңдарын кан менен камсыз кылуу начарлаганда болот. «Жүрөктүн ишемия оорусу» түшүнүгүнө катуу кармаган оорулар (стенокардия, миокарддын инфаркты), ошондой эле башка өнөкөт оорулар кирет. Мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын атеросклерозунан улам болгондуктан, кардиосклероздун бул түрү атеросклероздук деп аталат. Ал айрым учурда жүрөк ишинин начарлашы жана согуу ыргагынын бузулушу менен коштолот. Белгилери ар түрдүү, оору кээде күчөп, кээде басаңдайт. Жүрөктүн ишемия оорусу (стенокардия пристубу), адатта оор күч келүүдөн кармайт, мындай абал көп жылга созулат да, кийин тынч абалда деле кармай берет. Оору кармаганда миокарддын инфаркты пайда болуу коркунучу туулат. Жүрөктүн ишемия оорусуна тукум куума жакындык, аз кыймылдоо, ашыкча тамактануу, семирүү, канда май заттарынын көбөйүшү, артериялык басымдын жогорулашы (к. Гипертония оорусу), углевод алмашуунун бузулушу себеп болот. Тамеки тарткандар көп ооруй тургандыгы далилденген: өтө чарчап-чаалыгуу, психикалык оорулар да организмге күч келтирери белгилүү. Баарынан мурда тамакты мүнөздөп ичүү, семирбөө, мал майын жана жакшы сиңиргенүүчү углеводдорду көп жебөө, ичкиликтен баш тартуу; тамакка өсүмдүк майын жана С витамини менен В тобундагы витаминдерди көбүрөөк кошуу талапка ылайык. Булардын баары жүрөктүн ишемия оорунун алдын алуу чаралары болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]