Жөжөлүү куштар

Википедия дан

Жөжөлүү куштар - жөжөсүн жумурткадан чыгары менен ээрчитип багуучу куштар. Жумуртканын 35%ин сарысы ээлеп, аны түйүлдүк азык катары пайдаланат. Мындай жумурткадан чыккан балапан жакшы көрөт жана угат, денеси калың тыбыт менен капталат. Дароо басып же чуркап жүрүүгө жөндөмдүү болуп, көпчүлүгү жумурткадан чыкканда эле өз алдынча азыктана баштайт. Жөжөлүү куштарга көбүнчө кургакта жана сууда жашоочу канаттуулар кыр төшсүздөр, гагара сымалдар, тоок сымалдар, тинаму, каз сымалдар, каркыра сымалдар жана көпчүлүк маарак түспөлдөр (чулдуктардын бир тукуму) кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]