Жөжө Каржабай уулу

Википедия дан

Жөжө Каржабай уулу - 1808-жылы казак жеринде туулган. Атасы Каржабай кыргыз, ал он төрт жашында Абылай хандын чабуулунда малайлыкка кеткен.

Ата-энесинен эрте жетим калган Жөжө жети жашынан оорудан эки көзү көрбөй азиз болуп калат, эр жеткенче көп кордукту башынан кечирет. Идиреги бар Жөжө жаштайынан өлөң айтып, акындык өнөр менен күн көргөн. Бара-бара эл ичинде эл акыны аталып, шекер сөздүү чечен чыгып, домбра, комуз колунан түшпөгөн. Жөжө — эпик акын. Ал казактын мыкты элдик поэмаларын айткан, заманында айтыш акындарынын албаны болгон. Жөжө бүткүл чыгармачылык өмүрүндө атагы алыска кеткен казактын он жети залкар акыны менен айтышып жеңген. Акын өмүр бою Ата журтун сагынып, барууга зарлаган.

Акыры Кунанбайдын жардамы менен кыргыз жерине келип, туугандары менен учурашат. Акындын абалын түшүнгөн, ага жардам берген адам чыкпаган.

Жөжө казак жерине кайтып, 1895-жылы каза тапкан.

Жөжө акындын ырлары 1990-жылдары гана кыргыз окурмандарына белгилүү болду.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жөжө акын. Кыргыз поэзиясынын антологиясы. 1 т.(жеткиликсиз шилтеме)