Жөндөлүш

Википедия дан

Жөндөлүш - зат атоочтордун жана жалпы эле атооч сөздөрдүн жөндөмө мүчөлөрү менен өзгөрүшү. Кыргыз тилинде зат же заттык маанидеги башка атооч сөздөр алты жөндөмөдөн турат.

Ар кандай заттык маанидеги сөздөр жөндөмө мүчөлөрдүн жалганышы менен сүйлөм ичинде башка сөздөр менен болгон байланышын ишке ашырат. Ансыз айтайын деген ой толук болбойт. Ал сөздөрдүн жөндөмө формаларында турушу же ал мүчөлөр менен өзгөрүүсү сөздөрдүн жөндөлүшү деп аталат.

Кыргыз тилинде Жөндөлүштүн бир нече тиби (түрү) бар. Алар: а) жөнөкөй жөндөлүш, б) таандык мүчөлүү сөздөрдүн жөндөлүшү, в) аягы катар үнсүз тыбыштар (ск, нк, кт, фт, рг, нд) менен бүткөн сөздөрдүн жөндөлүшү. Жөндөлүштүн акыркы тиби (түрү), негизинен, башка тилдерден кирген сөздөрдө гана жолугат. Жөндөлүштүн бул тиби айрым эмгектерде жөндөлүштүн татаал тиби деп да аталып жүрөт. Анткени аларга жөндөмө мүчөлөр жалганганда тилдин ички мыйзамдарына ылайык, негиздер менен жөндөмө мүчөлөрүнүн арасына үндүү тыбыштардын кошулуп айтылышы жолугат. Мис.: танк, танканын, танкага, танканы, танкада, танкадан; акт, актынын, актыны, актыда, актыдан ж.у.с.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4