Жөндөмдүүлүк

Википедия дан

Жөндөмдүүлүк — адамдын дээрине, сезим-туюмуна байланышкан сапат; бир нерсени жо ишти ыкчам, жакшы, чыгармачылык менен бүтүрүүдө көбүнчө өзгөчө касиет.

Айрым адамдарда; мээ, сезүү органдары анатомия-физиологиялык жактан артыкчылыктарга ээ болушу ыктымал.

Мис., угуу сезиминин тубаса даана болушу адамдын музыкага Жөндөмдүүлүгүн, көрүү сезиминин тубаса жакшы болушу адамдын сүрөтчүлүккө Жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө түрткү берет. Жөндөмдүүлүктүн адамдагы негизги тубаса касиети илим-билимди чыгармачылык менен колдонуудан толукталат. Жөндөмдүүлүккө айлана-чөйрө, турмуш-шарт чоң таасир тийгизет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.