Жөндөмө категориясы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Жөндөмө категориясы - сүйлөм ичинде зат атоочтун же заттык маанидеги сөздөрдүн (субстантиваттардын) башка сөздөргө болгон байланышын туюндурган грамматикалык категория.

Зат атоочтордун жөндөмө формалары аркылуу чындыктагы нерсе, көрүнүш, кыймыл-аракет, ал-абал, касиет-сапаттардын ортосундагы мамиле, байланыштар чагылдырылат. Жөндөмө категориясы зат атоочко жалганган атайы мүчөлөр менен берилип, ар түрдүү формага ээ. Жөндөмөлөр берген мааниси боюнча алтыга бөлүнөт:

  • 1. Атооч жөндөмө: Бул жөндөмө заттардын (көрүнүштөрдүн) аталышын билгизип, ким? эмне? кимдер? эмнелер? деген суроолорго жооп болуп түшөт. Атооч жөндөмөсү башка жөндөмөлөрдөн өзүнө тиешелүү мүчөсү болбогондугу менен айырмаланып турат. Ушуга байланыштуу башка жөндөмөлөрдүн мүчөлөрү уланбаган, жөндөлүүгө мүмкүнчүлүгү бар сөздөрдү атооч жөндөмөдөгү сөз катары кароого болот. Мис., нан, жазуучу, эл-журт, үйүм, апаларыбыз ж.б.
  • 2. Илик жөндөмө: Зат атоочтун аныктоочтук, таандык байланышын туюндурууда илик жөндөмө колдонулат да, кимдин? эмненин? деген суроолорго жооп берет. Илик жөндөмөсү негизге 16 варианттуу -нын мүчөсү жалганышы аркылуу уюшулат. Мис., Бишкектин көчөсү, Кыргызстандын тоолору ж.б.
  • 3. Барыш жөндөмө кыймыл-аракеттин кимге, эмнеге багытталганын билдирет. Аларга кимге? эмнеге? деген суроо берилет. Барыш жөндөмөнү 16 вариантта өзгөргөн -га мүчөсү уюштурат. Мис., Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат. Отунга токойго бардык ж.б.
  • 4. Табыш жөндөмө кыймыл-аракет тике багытталган объектини билгизип, кимди? эмнени? деген суроого жооп берет. Табыш жөндөмөсү 16 вариантта өзгөргөн -ны мүчөсүнүн жардамы менен уюшулат. Мис., Абийириңди жашыңда сакта. Үйдү тазаладым.
  • 5. Жатыш жөндөмө кыймыл-аракеттин ордун, мезгилин көрсөтөт. Мындай учурда кимде? эмнеде? кайда? качан? деген суроолор коюлат. Жатыш жөндөмө 8 вариантта өзгөргөн -да мүчөсү менен уюшулат. Мис., Университетте окуйм. Кечинде үйдө болом.
  • 6. Чыгыш жөндөмө кыймыл-аракеттин чыккан ордун, булагын билгизип, кимден? эмнеден? кайдан? эмнеликтен? деген суроолорго жооп болуп түшөт да, 12 вариантта өзгөргөн - дан мүчөсү аркылуу уюшулат. Мис., Жумуштан келдим. Кыш келгендиктен суук боло баштады ж.б.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4