Жөнөкөйлөр

Википедия дан
Leishmania tropica.

Жөнөкөйлөр (лат. Protozoa) — бир клеткалуу жаныбарлар тиби. Жөнөкөйлөрдүн клеткасы бир бүтүн организмдин кызматын аткарат. Көпчүлүк жөнөкөйлөр өтө кичине болгондуктан, микроскоп менен гана көрүүгө болот. Дене түзүлүшү тоголок, нур сымал симметриялуу (радполярпялар), эки жактуу симметриялуу (инфузориялар), айрымдары симметриясыз жана формасыз (амёба) болот. Жөнөкөйлөр убактылуу пайда болуучу жалган буттар (амёба), шапалакчалар (шапалактуулар), көп сандаган кирпикченин (инфузориялар) жардамы менен кыймылдайт.

Денеси цитоплазмадан жана бир же бир нече ядродон турат. Цитоплазмасында бардык клеткалардагыдай органоиддер болуп, алар өзүнө тиешелүү кызмат аткарат, андан тышкары атайын кызмат аткаруучу органоиддер да кездешет, мисалы, жалган буттар, шапалактар, кирпикчелер. Цитоплазма мембрана менен курчалган, ал эктоплазма жана эндоплазмадан турат. Жөнөкөйлөр өз алдынча азыктанууга, жылып жүрүүгө, душманынан коргонууга жөндөмдүү. Чөйрөнүн ыңгайсыз шартына туш келгенде, сыртынан чел менен капталып, цистаны (кыймылсыз, азыктанууга, көбөйүүгө жөндөмсүз абалды) пайда кылат. Жөнөкөйлөрдүн азыктануусу фагоцитоз, пиноцитоз, диффузия же осмос басымынын негизинде жүрөт. Буларда азыктануунун автотрофтуу жана гетеротрофтуу эки түрү белгилүү. Көбөйүүсү жыныссыз (митоз жолу менен бөлүнүү) жана жыныстык (коньюгация, копуляция) жол менен жүрөт. Керексиз заттар жыйрылткыч вакуолдор аркылуу сыртка бөлүнөт. жөнөкөйлөрдүн 7 тиби (саркомастигафорлор, микроспоридиялар, жөнөкөйлөр инфузориялар жана башка), 40 миңдей түрү белгилүү. жөнөкөйлөр. биздин планетада кеңири таралып, бардык чөйрөдө кездешет. Алардын көпчүлүгү башка денеде жашоого ыңгайланып, 3 миңге жакын түрү адам менен жаныбар мителери. жөнөкөйлөргө жалган буттуулар, инфузориялар, шапалактуулар, споралуулар класстары кирет. Кээ бири киши, мал, өсүмдүкжанажапайы аң айбанаттарынын мителери, ошондой эле оору козгогучтар. Жөнөкөйлөрдүн кээ бир түрү (амёба, инфузория) генетикалык, биохимиялык, биофизикалык изилдөөлөрдө пайдаланылат. жөнөкөйлөрдү изилдөөчү илим протозоология.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]