Жөргөмүштүн кызыктары

Википедия дан

Жүздөгөн чакырым алыстыкка уча алышат. Жаш жөргөмүштөр желесинин жардамы менен узак аралыктарга уча алышат. Ал үчүн желенин учун бир жерге жабыштырып, өздөрүн аба агымына ташташат. Мына ушундайча алар жерде 5 чакырым, деңизде болсо жүздөгөн чакырым алыстыкка кете алышат.

Желеси сыртка чыгар-чыкпас муздайт Жөргөмүштөрдүн денеси эки бөлүк болуп, арка жагындагы бездеринен желе чыгарат, мына ошол жердеги ичке тешиктерден тамчыдай болгон суюктук сыртка чыгары менен муздайт.

Аң уулаганга өзгөчө желе Жөргөмүштөр желесин кармачу курт-кумурсканын чоңдугуна жараша токуйт. Мисалы, Түштүк Америка жөргөмүшү кумурскаларды оңой кармоо үчүн тыгыз жайгашкан желе токуса, көпөлөк сыңары чоңураак курт-кумурскаларга арасы ачыгыраак желе токуйт.

Манекен жөргөмүштөр Дагы бир жөргөмүштүн түрү тикенден жана дарактын кабыктарынан манекен жөргөмүштөрдү жасашат. Жөргөмүш желесинин жиптери жибектен болуп, алар болоттон да бекем болот. Жабышпай турган жерлерин өздөрү да билишет Жөргөмүш желесинин баары жабышкак эмес. Олжосу желеге жабышып калган учурда жөргөмүш мына ошол жабышпай турган жерлери менен барып табылгасын кармайт.

Душмандарды жаңылтуу үчүн жасалма желе Жөргөмүш душмандарын жаңылтуу үчүн бир нече жасалма желе борборун жасайт. Жеп бүткөн курт-кумурскалардын калдыгын желенин ортосуна коюп, манекен жөргөмүштөрдү колдонот.

Уста жөргөмүштөр Жөргөмүштөр желесин негизинен эки нерсенин ортосунда, дубалдын бурчу же эки тал, дарактын ортосуна окшогон жерлерге токушат. Бирок, арасында айрым уста жөргөмүштөр да болот. Алар башкалардан айырмаланып бир эле жерге желе токууга жөндөмдүү келишет.

Канаттуулар үчүн эскертүү Айрым жөргөмүштөр желесин жалтыраган ак түстө кылып токуп, зигзаг формасында белгилерди коюшат. Бул болсо канаттууларга ал жерден өтпөөсүн эскерткен белги болуп саналат.

Жылан жегендер Эркек тарантулдун бутунун узундугу 25 см.ге барабар келгендиктен, алар бака, чычкан ал турсун айрым кичинекей жыландарды да кармап жей ала турган күчкө ээ болушат.

Жупташкандан кийин эркегин өлтүрөт Карадул түрүнө кирген жөргөмүштөрдүн ургаачысы эркегине караганда 4-5 эсе чоң болот. Ал эми жупташкандан соң ургаачысы эркегин жеп коёт экен.



Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]