Жөргөмүш кымыздыгы

Википедия дан
Жөргөмүш кымыздыгы.

Жөргөмүш кымыздыгы (лат. Polygonum viviparum) – кымыздык уруусундагы түр. Көп жылдык чөп. Сабак тамыры жоон, сүйрү. Бутаксыз бир сабактуу, жалбырактары жөнөкөй, жээги тегиз, формасы ланцеттей, сапсыз, сабакка кезектешип жайгашат. Гүлдөрү жыш жайгашкан жөнөкөй калемчени түзөт. Желекчелери майда, ак, мала кызыл. Мөмөсү – жаңгакча. Голарктикалык аймакта кеңири таралган. Кыргызстанда бийик тоолордогу шалбаа, булак, суу жээгинде өсөт. Майдаланган тамыры эл арасында түрдүү тышкы жараатта, шишикке каршы колдонулган, ал эми маңызын бөйрөк оорусунда ичишет. Уругун тамак катары жешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]