Сийдик

Википедия дан
Заара(сийдик)‎»‎ барагынан багытталды)
Сийдик бар банка.

Сийдик, заарабөйрөктө кандын чыпкаланышынан бөлүнүп чыгуучу зат алмашуу продуктусу.

Сийдик жолу менен организмден ар түрдүү шлактар, суулар, минерал туздар, уу заттар, органикалык заттар, негизинен мочевина, сийдик кислотасы жана башка бөлүнүп чыгат. Сийдиктин курамында 150дөн ашык заттар бар, көпчүлүк туздар эриген түрүндө кездешет. Сийдик — ачык саргыч түстөгү, бир аз аммиак жыттанган тунук суюктук. Чоң кишинин бөйрөгү суткасына 1500 млдей сийдик иштеп чыгарат (диурез).

Сийдиктин көп же аз бөлүнүшү, физика-химиялык касиеттеринин өзгөрүшү кабыл алынган тамак-аштын мүнөзүнө, суюктуктун өлчөмүнө, сырткы чөйрө менен дененин температурасына, ар кандай ооруларга байланыштуу болот. Мисалы, кант оорусунда бир суткада 4—5 лге чейин сийдик бөлүнүп, өңү суу сыяктуу түссүз, ал эми боор же жүрөк ишинин начарлашында, дене шишип, ичке сары суу толуп, сийдик аз бөлүнөт (400—500 мл). Көбүнчө тамакка эт, шорпо, ар кандай буурчакты, жумуртканы пайдаланууда — сийдик кислотасынын туздары, ал эми жалаң сүт жана өсүмдүк азыктары менен тамактанууда фосфат туздары көп пайда болот. Айрым тамак-аш жана дары-дармектер сийдиктин түсүн өзгөртөт, мисалы, кызылча, амидопиринден сийдик кызарат; акрихин менен биомицинден ачык сары түскө келет. Айрым учурда сийдиктин физико-химиялык касиетинин өзгөрүшү организмдеги кандайдыр бир ооруну айгинелейт. Мисалы, боордун иши бузулганда сийдик кочкул сары түстө болот. Сийдикте белоктун болушу бөйрөк, табарсыктын сезгенүү ооруларынын, канттын болушу кант диабетинин белгилери болот. Ошондуктан көпчүлүк ооруларды аныктоодо сийдик анализи чоң мааниге ээ. Сийдик анализи бөйрөк ишинин начарлашын, ошондой эле ар кандай органдын жабыркашынан зат алмашуунун өзгөрүшүн аныктоого мүмкүндүк берет. Сийдиктин клиникалык анализи бардык ооруларда жүргүзүлөт жана физикалык касиеттери (түсү, жыты, салыштырма салмагы, нормадагы сийдикке мүнөздүү эмес компоненттер — белок, билирубин, кант, ошондой эле кандын формалуу элементтери — лейкоцит, эритроцит жана башкалардын болушу) изилденет. Клиникалык анализге 100—200 мл сийдик өткөрүлөт. Сийдикти анализге чогултардан мурда сырткы жыныс органдарын жууп, таза идишке чогултуп, оозун жакшы бекитүү керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8