Забиров мөңгүсү

Википедия дан

Забиров мөңгүсү, Кутурган-суу мөңгүсү – Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы асимметриялуу өрөөн тибиндеги мөңгү.

Аламүдүн өрөөнүнүн сол боорунан орун алган. Уз. 4,5 км, аянты 3,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4880 м, этеги 3300 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4030 м. Абляция облусунун аянты 1,2 км2. Азыркы мезгилде мөңгү тартылууда. Мөңгүдөн Аламүдүн суусунун сол куймасы Кутургансуу башталат. Мөңгү илимпоз гляциолог Р. Ж. Забировдун ысымынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2