Загряжский

Википедия дан

Загряжский Г.С. (туулган, өлгөн жылы белгисиз). Падышалык администрация кызматкери, Пишпек уездинин башкаруучусу, публицист. Кыргыздардын ичинде узак жылдар бою жашап, жергиликтүү калктын турмушун жакшы билген. Ал өз эмгектеринде эки маселеге өзгөчө токтолгон: 1. Кыргыз салттары; 2. Коомдук түзүлүшү жана укуктук-мыйзам нормалары. Г.С.Загряжский, өзгөчө кыргыздын боз үйү, курулушу, жана анын ички жасалгасы боюнча кызыктуу, так маалыматтарды жазган алгачкы иликтөөчүлөрдүн бири. Кыргыздардын күндөлүк турмушу, үй-бүлө мүчөлөрүнүн чарба жүргүзүүдө жана башка милдеттери, улуттук оюн-зооктору, тамак-ашы, кийим-кечеси тууралуу кызыктуу этнографиялык маалыматтарды жазып калтырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]