Сапарбек Закиров
Сапарбек Закиров (1931 - 2001) - кыргыздын чыгаан илимпозу, санжырачысы, адабиятчысы, педагогу.
Өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сапарбек Закиров Кыргызстандын Чүй облусунун Жайыл районунда 1931-жылы төрөлгөн.
Кызматтары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1953-ж. КМУнун филология факультетин, 1956-ж. аспирантураны ийгиликтүү бүтүргөн.
1993-ж. профессор наамын алган.
2001-жылы Бишкекте каза болгон.
Чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Белгилүү фольклорист Закировдун “Кыргыз элинин макал-лакаптары” (1962) деген монографиясында макал-лакаптардын классификациясы, негизги идеясы, тематикасы, көркөмдүк өзгөчөлүгү, поэтикасы кеңири изилдөөгө алынган. "Кожожаш” эпосунун кээ бир маселелери” (1960), “Эр Төштүк” эпосунун варианттары жана идеялык көркөмдүк өзгөчөлүктөрү” (1960), “Кыргыздын элдик лирикаларынын жанрдык өзгөчөлүктөрү” (А. Токомбаева менен бирге) (1964), “Эл чыгармачылыгы – эл кенчи” (1981), “Кыргыз санжырасы” (1996) деген илимий эмгектери жарык көргөн.“Кыргыз санжырасы” деген эмгеги кыргыз тарыхына, элдик оозеки чыгармачылыгына, этнографиясына байланыштуу бай материалдарды камтыган фундаменталдуу эмгек деп баалоого болот.
Окумуштуунун эң негизги эмгектеринин бири “Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгынын тарыхынын очерки»”(1973), «Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерки” (1988). Элдик оозеки чыгармачылыктын бардык жанрларынын тарыхы жана акындар чыгармачылыгы боюнча жазылган фундеманталдуу эмгек катары бул очерктер бүгүнкү күнгө чейин окумуштуулар, мугалимдер, студент-аспиранттар пайдаланып келген бирден бир негизги эмгек болуп саналат.
Ошондой эле кыргыз фольклористикасынын түрдүү проблемалары боюнча акындар чыгармачылыгы, лирикалык жанр, эпикалык жанр, тарых, санжыра, элдик баатырлар баяны боюнча 100дөн ашуун илиьий макалалары мезгилдүү басма сөз беттеринде жарыяланган. Дыйкан илимпоз кыргыз элдик эпосторунун, поэмаларынын тексттерин басмага даярдап, илимий баш сөздүн коштоосунда жарыялаган. Мис., “Курманбек”, “Жаныш, Байыш” (1970), “Жоодарбешим”, “Сейитбек” (Т. Абдракунов менен бирге) (1971), “Кожожаш”, “Олжобай менен Кишимжан” (А.Токомбаева менен бирге) (1974), “Ак Мөөр” (1971), “Элдик поэмалар” (1973) ж. б.
Ал өзүнүн мазмундуу жашаган өмүрүндө топтогон бай тажрыйбасын жаш муундарга тартуулап, 1978-ж. баштап, өмүрүнүн акырына чейин КМУнун кыргыз филология факультетинде иштеп, “Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы”, “Кыргыз акындар чыгармачылыгынын теориясы” боюнча илимий жана теориялык жактан терең иштеген лекцияларын окуган. “Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы” курсу боюнча программа (1989), “Фольклордук практиканы жүргүзүү” боюнча программа (1994) иштеп чыккан. Ал К. Артыкбаев, А. Абдразаков, Л. Үкүбаева менен бирдикте филология факультеттеринин студенттери үчүн “Кыргыз акындарынын чыгармачылыгы” деген окуу куралын жазган.
Сыйлыктары. Наамдары.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2001-ж. Кыргыз Республиканын билим берүүсүнө "эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наамга ээ болгон.
Эмгектеринин чакан тизмеси.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Закиров, Сапарбек. Пословицы и поговорки киргизского народа [Текст]: Автореферат дис. на соискание ученой степени кандидата филологических наук / Акад. наук Киргиз. ССР. - Фрунзе: [б. и.], 1962. - 23 с.
- "Кожожаш” эпосунун кээ бир маселелери” (1960),
- “Эр Төштүк” эпосунун варианттары жана идеялык көркөмдүк өзгөчөлүктөрү” (1960),
- “Кыргыздын элдик лирикаларынын жанрдык өзгөчөлүктөрү” (А. Токомбаева менен бирге) (1964),
- “Эл чыгармачылыгы – эл кенчи” (1981),
- “Кыргыз санжырасы” (1996).
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004.
- Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
- Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
- Материалы республиканской научной конференции, посвященной 80-летию со дня рождения известного ученого-историка, доктора наук, профессора Аттокурова Сабыра Аттокуровича, 12 апреля 2012 года / Отв. ред. Б.М. Жумабаев. – Бишкек, 2013. – 312 с. - Кыргызский Национальный университет им. Жусупа Баласагына. - ISBN: 978 9967 029 07 1; 9967 029 07 2.
- Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://search.rsl.ru/ru/record/01006190162
- https://books.google.kg/books/about/Кыргыз_санжырасы.html?id=gOEVswEACAAJ&redir_esc=y
- http://www.presskg.com/ali/08/0227_13.htm Archived 2017-06-30 at the Wayback Machine
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|