Сейитбек

Википедия дан


«Cейитбек» – тарыхый поэма. Эки вариант аркылуу белгилүү. Бири – Орузбай Урмамбетовго, экинчиси - Нурдин Адиевге таандык. Эки варианттын тең айтуучулары өзүлөрү кагаз бетине түшүрүшкөн. О.Урмамбетовдун варианты мурда жарык көргөн. “Сейитбек” – сюжети анча татаал эмес чыгарма. Атасынын досу Аккандын колунда өскөн башкы каарман Сейитбек эр жеткенде элине кайтып келиши, кырк жигит курап атасы Курманбекти өлтүргөн Дөлөндөн өч алышы жана Вазилкандын кызы Мөл сулууга ашык болушу, ага үйлөнүшү менен негизги окуялар аяктайт.


Сюжет жагынан да, образдар жагынан да О. Урмамбетов менен Н. Адиевдин варианттары анча көп айырмаланбайт. Бирок, О. Урмамбетов деталдаштырып сүрөттөп, көп мотивдерди жаңы кошкону байкалат. Мис., Н. Адиевде Сейитбек менен Мөлмөл кичинекейинен бирге өсүп, баш кошушса, О. Урмамбетовдун вариантында бир кыйла кенен берилет. Мөл сулуу менен Сейитбектин сүйүүсү, айылдык кыз-жигиттин мамилесиндей өтө реалдуу сүрөттөлгөн. Сейитбек Мөл сулуунун жеңеси Фатимага пул берип, кызды терезеден чыгартып алып, гүлбакта жолугушуп жүрөт. Кийин өз элине келгенде да аны эсинен чыгарбайт. Элдин “кандын бойдок жүрүшү жарабайт”, элден тандап сулуу ал” дегенине макул болбойт. Калмактарды жеңгенде тартууга келген Торконун кызы Санжыргалга үйлөнүүдөн баш тартып, баш жигити Бөрүгө берет. Мөл сулууга үйлөнүү үчүн Кашкарга кайра келип, ага жолугат. Акырында Аккан Вазилканга куда түшүп, калыңын берип, эки ашыкты баш коштурат. Ушундай эле поэмада Сейитбек Курманбектин жигити Зайырбек менен таанышышы жана Зайырбектин андан кийинки өмүрү деталдуу сүрөттөлгөн. Зайырбектин образы карама-каршылыктуу образ. Ал Курманбекке чыккынчылык кылат. Курманбек Телтору минбей, башка ат менен жоого аттанганда аны менен бирге барбайт. Бирок, кийин өз күнөөсүн сезип, Курманбектин мүрзөсүн 12 жыл күзөтүп жүрөт да, акырында Сейитбекке дубана түрүндө келип, аны эл-жери жөнүндө кабардар кылат. “Сейитбекте” эпикалык мотивдер сейрек кездешет.

Көбүнчө сүрөт-төөлөргө басым жасалат. Ошондой эле эпикалык жанрдын туруктуу элементтери фантастика, гипербола бул поэмага анча мүнөздүү эмес. Каармандар да кадимки жердик адамдар, алардын иш аракеттери анча апыртылбай реалдуу сүрөттөлөт. Мунун баары баатырдык эпостун жанрдык жактан өзгөрүп, реалисттик иск-вого жол бошото баштаганын күбөлөп турат. Башкача айтканда “Сейитбек” баатырдык эпос эмес, жаңы доордун туундусу – тарыхый поэма. Ырас, тарыхый булактарда Сейитбек деген инсан болгондугу жөнүндө маалыматтар кезикпейт. Бирок, мындай инсан жашап өткөнүн болжолдосо болот. Анткени, ал генеалогиялык циклдешүү принцибинде түзүлгөн баатырдык эпос “Курманбектин” жана тарыхый поэма “Шырдакбектин” башкы каармандарынын бирине бала, бирине ата болуп сүрөттөлөт. Ал эми аталган эки чыгарманын башкы каармандарынын тарыхта болушкандыгы жөнүндө көп маалыматтар кездешет. Сейитбектин адилеттик, чындык, көз карандысыздык үчүн жүргүзгөн күрөштөрү жалаң гана көркөм чыгарма катары эмес, ал эл арасындагы айрым маалыматтарга, уламыштарга караганда тарыхый адам катары айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3