Заманчылар

Википедия дан

Заманчылар (орусча - Заманисты) – 19-к-дын экинчи жарымы – 20 к-дын башындагы Кыргызстандагы жана башка чектеш аймактардагы кыргыз ойчулдарынын ж-а акындарынын өзгөчө философиялык агымы.

Алар өз ырларында акыр заман (кыямат-кайым) тарамдарын чагылдырганына байланыштуу илимде З. деп аталышат.

З-дын бир катар ырлары ж-а ой чабыты келечектен күнөм санаган (пессимизм) рухка чалдыккан, айрым учурда алар кыргыздардын патриархалдык-феодалдык коомдогу турмушун сынга да алган, жактаган да учурлары болгон.

Ошондой эле З-дын чыгармаларынан өнөргө, илим-билимге, улууну кадырлоого, эмгекчиликке үндөгөн, ач көздүктү, залимдикти айыптаган мүнөздөгү ой-мурасты да көрүүгө болот.

З. жалпы эле Борбордук Азия ж-а Чыгыш Түркстандагы мусулман калктарынын жазма ж-а оозеки адабиятына мүнөздүү чыгармаларды жаратышкан. Айрым социалдык ж-а диний чектелүүлөрүнө карабастан, З. өздөүнүн акындык өнөрү, философиялык ой мурасы м-н Токтогул, Барпы, Тоголок Молдо сыяктуу демократ акындарга таасир тийгизген.

З-дын көрүнүктүү өкүлдөрүнө Калыгул Бай уулу (1785-1855), Арстанбек Бойлош уулу (1824-1878), Молдо Кылыч Шамыркан уулу (1868-1917) жана башкалар кирет.

Пайдаланылган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
  2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]