Зараут-Сай сүрөттөрү

Википедия дан

Зараут-Сай сүрөттөрү - Өзбекстандагы Зараут-Сай дарыясынын оң жээгиндеги коңулда аска бооруна минерал боёк менен тартылган байыркы сүрөттөр. 1940-45-ж. археолог Г. В. Парфёнов изилдеген.

Зараут-Cай сүрөтүнүн эң байыркысы орто таш дооруна (мезеолит) таандык. Зараут-Сай сүрөтүндө байыркы Аңчылык кылуу. Дубалга тартылган мезолит же неолит дооруна таандык сүрөттөр. Өзбекстан. адамдардын жапайы жаныбарларга (бука, теке) аңчылык кылуу учуру чагылдырган. Зараут-Сай сүрөттөрү алгачкы коомдун адамдарынын чарбалык турмушу, диний ишенимдери жана искуствосунан кабар берет. Зараут-Сай сүрөттөрү Кыргызстандагы Ак-Чуңкур үңкүрүндө табылган таш доорунун сүрөттөрүнө убакыт жагынан мезгилдеш келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]