Зардобука сымап кени

Википедия дан

Зардобука сымап кени Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, Чыгыш Алайдын Тоголокташ тоосунун кырында, Көксуу суусунун баш жагында, деңиз деңгээлинен 3850–4070 м бийиктикте. 1970–72-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын меридиан багытындагы тик жарака менен үзүлгөн жана төмөнкү-ортоңку девондун жанартоо-терриген тектери менен жабылган, антиклиналдык бүктөлүүгө дуушар болгон силур жана төмөнкү девондун акиташ тектери түзөт. Эффузия жана акиташ тектеринин кошулган жериндеги жаракалуу зона менен туурасы 50–200 м болгон текши рудаланбаган акиташ тилкеси туташ жатат. Калыңдыгы 5–25 м болгон штокверк. Жарака жана уя сымал руда тулкулары жүз метрге чейинки аралыкка созулат. Руда жалаң киновардан жана нукура сымаптан турат. Сымаптын өлчөмү бардык жерге бирдей эмес, орточосу – 0,58%. Кендин 20 м тереңдикке чейинки эсептелген запасы 1213 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]