Зарина

Википедия дан

Зарина - (б. з. ч. 4-кылымдын аягы 3-кылымдын башы) байыркы сак урууларынын падышасы. Зарина жөнүндө байыркы тарыхчылар Ктесий (б. з. ч. 5-4-кылым), Диодор (б. з. ч. 90-21-ж.) баян кылышкан. Анда Парфия үчүн сактар менен согушуп жаткан Мидия падышасы Стриангия Заринаны жарадар кылганын, ошондой эле Заринанын акылман, эржүрөк, сулуулугу жана сактардын жерине көз арткан далай падышаларды жеңип, көптөгөн шаарларды курганы айтылат. Орус тарыхчысы В. Н. Татищев (1686-1750) өзүнүн сөздүгүндө Заринанын алтындан жасалган эстелиги бар экенин эскерген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]