Застава

Википедия дан

Застава - аскердик 1) жүрүштө баратканда жана бир жерге жайгашканда аскерлерди душмандан кайтаруучу жоокерлер тобу. Жүрүштө кайтаруучу застава алдыңкы, каптал жаккы, ооруктагы, токтогон жерде кайтаруучу застава күзөт жана өзүнчө күзөт застава деп бөлүнөт. 3астава душмандын капысынан кол салуусунун алдын алуу, анын чалгынчысынын кирип кетишине жол бербөө, аскерлердин жайгашуусу жана согушка кирүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана башка милдеттерди аткарат; 2) чек ара заставасы мамлекеттик чек аранын белгилүү бир участкасын кайтаруучу штаттуу аскер бөлүкчөсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]