Заттардын жаратылышта айланышы

Википедия дан

Заттардын жаратылышта айланышы - табиятта заттардын бир түрдөн экинчи түргө айланышынын жана башка жерге которулушунун кайталанма процесси.

Бирок заттардын айланышынын жаңы цикли мурункуну толугу менен кайталабайт, пайда болгон заттардын саны жана курамы дайыма өзгөрүп турат. Болжол менен 5 млрд жыл мурда жер заттары химиялык состав дары, физикалык жана термодинамикалык касиеттери боюнча айырмаланган бир нече катмар же геосферага - атмосфера, гидросфера, жер кыртышы, гранит жана базальт катмарларына ж. б. бөлүнгөн.

Бул геосфералар кийинки геологиялык доорлордо туруктуу абалды ээлөө багытында өнүгүп, геосфералардын жана ар бир геосферанын ичинде зат алмашуу жүрүп турган. Алгач (архей заманы) жердин тереңиндеги жеңил эригич заттар эрип, анын сырткы бетине чыгуу жана газсыздандыруу процесстери орчундуу орунду ээлеген. Ал кезде жер титирөө, тоо пайда болуу процесстери, жанар тоолордун атылышы интенсивдүү жүрүп турган. Кийинки мезгилде жердин терең катмары менен анын бетиния ортосундагы зат алмашуу акырындап азайган.

Азыркы мезгилде болжол менен жер бетинен 10-20 км, кай бир жерде 50-60 км тереңдикке чейин геосфералар ортосунда зат алмашуу жүрүп, андан терең катмарынан да заттардын жогору которулушу мүмкүн. Азыр бул процесстин Заттардын жаратылышта айланышында анчалык мааниси жок. Атмосферада, гидросферада, литосферанын үстүңкү бөлүгүндө жана биосферада зат алмашуу тынымсыз түрүп турат. Биосфера пайда болгондон баштан (болжол менен 3,5 млрд жыл мурда) Заттардын жаратылышта айланышы өзгөрдү, физикалык-химиялык өзгөрүүлөргө биогендик процесс кошулду. Адамдардын эмгек аракети геологиялык зор күчкө айланды. Ошентип Заттардын жаратылышта айланышы жердин тарыхый өзгөрүшүндө өзгөрүп турган, азыр бул процесс жер бетинде интенсивдүү жүрүп жатат. Заттардын жаратылышта айланышы ар түрдүү, көп тармактуу, ал негизинен заттардын ажыроо, кошулуу жана тароо процессинен турат. Бул процесстер кайталанып тургандыктан, жер бетинин рельефи аздыр көптүр туруктуу сакталат.

Заттардын жаратылышта айланышына суунун айланышын мисал келтирүүгө болот. Бир минутада жер бетинен 1 млрд т суу бууланат. Атмосферадагы суу буусу жаан түрүндө жерге түшөт. Бул суу шердеги башка заттардын айланышына чоң таасир этет. Аки таш тектери башка тектер сыяктуу эле талкаланат, ажырайт; кальцийдин эригич туздары агын суулар менен деңиздерге жетет. Көмүр кычкыл кальцийден айрым фораминифер, коралл ж. б. организмдер скелеттерин курушат. Өлгөндөн кийин алардын скелеттери деңиздин түбүнө чөгүп, акырындап аки таш тектерин пайда кылат. Деңиздин соолушу менен аки таш ачылат да, сырткы таасирлерден бузула баштайт ж. у. с.

Заттардын жаратылышта айланышынын айрым химиялык элементтердин айланышы же биосферадагы заттардын биологиялык айланышы, атмосферадагы газдардын, кыртыштагы катуу заттардын, суунун айлануулары, геосфералардын ортосундагы зат алмашуу ж. б. түрлөрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.