Зая Пандита

Википедия дан

Зая Пандита (1599–1662) – ойроттордун диний ишмери, ойчул. Ойроттордун арасында буддизимди жайылткан жана агартуучулук иштерди жүргүзүп, моңгол (калмак) жазмасын жакшыртуу максатында реформалаган. Зая Пандитанын «Раб-Жам Зая-Пандиттин ай жарык тарыхы» деген тарыхый баяны шакирти Сакбон Раднобатор тарабынан жазылган. Анын орусча котормосу Санкт-Петербургдагы Чыгыш таануу архивинде сакталып турат. Чыгармада калмактардын кыргыздар, казактар ж-а Чыгыш Түркстан элдери м-н болгон мамилелери, алардын 12-к-дын 2-жарымында Жуңгариядагы бийликке каршы чыгуулары, о.эле кыргыз-ойрот мамилеси, б. а. 1652-ж. (ажыдаар жылы) кышында калмактардын Цецен ханы буруттарды (кыргыздарды) баш ийдирип келгендиги ж-а ушул согушта анын 17 жаштагы уулу Галдама казактарга сокку уруп, алардын башчысы Жаңгир султанды өлтүргөндүгү ж.б. кабарлар айтылган. Анын чыгармасында ойроттордун Борбордук Азиядагы башка калктар менен болгон саясий алакалары да баяндалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б., 2003