Зебра

Википедия дан
Квагга (Equus quagga).

Зебралар (Hippotigris ууруча), өзгөчө мүнөздүү кара-ак тилкелүү жүнү бар Африкалык жылкылар. Yч тирүү түрү бар: Грэби зебрасы, Байагы зебра жана тоо зебрасы. Сүт эмүүчүлөрдүн сыңар туяктуулар түркүмүнүн жылкылар (Equus) уруусундагы урууча. Дене узундугу 200-240 см (куйругу 47-57 см), жалына чейинки бийиктиги 120-140 см, салмагы 350 кг га жетет. Жалы кыска, куйругунун учу узун кылдуу. Баш сөөгүнүн түзүлүшү, көлөмү жана денесинин түсүн жараша 4 түрү (тоо зебрасы, бурчелла зебрасы, Грэви зебрасы жана квагга) бөлүнөт. Чыгыш, Борбор жана Түштүк Африкада үйүрү (10-30) менен жашайт. Өтө ылдам жүгүрөт. Өсүмдүк менен азыктанат. Жыл мезгилине жараша жем издеп, жер которуп жашайт. 1-1,5 жашында жыныстык жактан жетилет. Ургаачысы 346-390 күн көтөрүп, 1 же 2 кулун тууйт. Терисинин кооздугунан улам көп атылып, азайып кеткендиктен, коргоого алынып, тоо зебрасы менен Грэви зебрасы ТКЭСтин Кызыл китебине катталган, квагга жок кылынган. Аскания-Нова коругунда (Украина байырлаштырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]