Зегерс Анна

Википедия дан

Зегерс Анна - (чын аты-жөнү Нетти Радвани; 19. 11. 1900, Германия, Майнц 1. 6. 1983, Берлин) немис жазуучусу. Гейдельберг университетин бүтүргөн (1924). Анын «Балыкчылардын көтөрүлүшү» аттуу алгачкы повести 1928-ж. жарык көргөн. Фашисттик диктатуранын учурунда 3егерс эмиграцияда болгон (1933-47). Бул мезгилде «Сапарлаштар» (1932), «Азаттык» (1937), «Жетинчи крест», «Транзит» (1942) романдарын жазган. 1947-ж. өз өлкөсүнө келип, ГДРде жаңы турмушту курууга активдүү катышкан. «Тынчтык» (1951) аттуу жаңы новеллалар циклин, «Чечим» (1959) жана «Ишеним» (1968) аттуу роман-эпопеяларын жараткан. 3егерс Тынчтыктын бүткүл дүйнөлүк советинин мүчөсү болгон. «Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Лениндик сыйлыктын (1951) жана ГДРдин улуттук сыйлыгын (1951, 1959, 1971) алган. Эмгек Кызыл Туу жана Эл Достугу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]