Зеланд Н.Л

Википедия дан

Зеланд Н.Л. (туулган, өлгөн жылы белгисиз) - орус антропологу жана этнографы. 1885-ж. алгачкылардан болуп кыргыздар тууралуу этнологиялык очерк жазган («Киргизы. Этнологический очерк. Западно-Сибирский отдел РГО. 1885. Книга. 7. Вып.2.). Автордун бул эмгегинде кыргыздардын кол өнөрчүлүгү кенен баяндалып жазылган. Кыргыздардын чарбасындагы тери ийлөө, жүндөн буюмдарды жасоо, ээр, чий, кереге, уук, түндүк жасоо ыкмаларын, аларды жасоодогу куралдарды сүрөттөп жазат. Үй-бүлө, нике мамилелери, аялдарды тарбиялоо, аялдардын коомдогу ээлеген абалы, орду сыпатталган. Кыргыздардын меймандостугу, ырга жана музыкага шыктуулугу жана башка жөнүндө кызыктуу маалыматтар келтирилет. Эмгектин бир бөлүгү оюн-зоокторго, элдик оюндарга, элдик медицина кыргыздардын коомундагы социалдык-коомдук түзүлүшүнө багышталган. Автор кыргыз жана казактардын сырткы өңү-түсү (антропологиясы), түзүлүшү жөнүндө баяндап жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]