Зима, Анна Гавриловна

Википедия дан

Анна Гавриловна Зима - белгилүү окумуштуу,тарых илимдеринин доктору,профессор,Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын мүчөсү.

Өмүрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зима 1909-жылы 16-февралда Одесса шаарында туулган жана ал 1985-жылы каза болгон.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз мамлекеттик пединституттун профессордук-окутуучу коллективинин составын чыңдоо максатында РСФСРдин жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнөн окутуучуларынан көптөгөн кадрларды Кыргызстанга жиберишкен.Алардын ичинде Москвадагы тарых-филология институтунун бүтүрүүчүсү А.Г.Зима менен жолдошу Б.М.Зима да бар эле. 1935-жылдан тартып тарыхчылар өздөрүнүн чыгармачылык илимий-педагогикалык иштерин,өмүрлөрүн Кыргызстан менен бекем,тыгыз байланыштырышкан. Анна Гавариловна 1935-1945-жылдары Кыргызстан мамлекеттик пединститутунун тарых факультетинин окутуучусу,улуу окутуучусу,деканы,СССР тарых кафедрасынын башчысы, 1935-1956-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин партия жана тарых кафедрасынын доценти болгон. Анын жогорку билимдүү тарых жана башка кесиптеги мугалимдерди даярдоодо эмгеги зор.Пединституттун 1-курсуна жергиликтүү улуттардын жаштарынан көбүрөөк кабыл алуу үчүн жаңы ачылган даярдоо курсун пединститут шефке (1940)алып,рабфактын иштерин жакшыртууга көп аракетин жумшаган. Пединституттун аспирантурасынын ишин жакшыртууга,аспиранттарды Москвага жана башка шаарларга жиберип окутуп,даярдоо ишине да өз салымын кошкон. 1945-жылы кандидаттык диссертациясын коргоп,1977-жылы "Кыргызстанда Улуу Октябрь социалисттик революциянын даярдалышы жана жүрүшү" деген көлөмдүү эмгегин чыгарган. Бир нече жаш окумуштуулардын илимий иштерин жана ар кандай саясий кружокторду жетектеген;илимий конференцияларда социалдык-экономикалык темага арналган докладдарды жасаган.

Сыйлыктары,наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз ССР тарыхын" жазгандыгы үчүн 1970-жылы Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты,1972-жылы "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими" деген наамдарга ээ болгон.Көптөгөн улуттук кадрларды даярдоодо зор салымы жана илимге сиңирген эмгеги бааланып бир нече орден,медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зима А.Г.Революция тарыхы-түгөнгүс тема//Сов.Кыргызстан.1981.-6-ноябрь,Элдердин достугу жана бир туугандыгынын улуу булагы жөнүндөгү китеп//Пропагандисттин жана агитатордун блокноту.-1973.-№4.-Б.26-32; Сагындыкова Ж.А.Г.Зиманын педагогикалык ишмердиги// историческая чтения:Тез.докл.и сообщений науч.конф....Ф.,1989.-Б.24-25.