Зия Гөкалп

Википедия дан
(23-Март 1876-25-октябрт 1924-ж.ж.)

Зия Гөкалп 1876-жылы 23-мартта Диярбакырда туулган. Ага атасынын каалоосу боюнча Мехмет Зийя аты берилген. Атасы аймактын жөнөкөй кызматкери Мехмет Тевфик мырза (1851-1890), ал эми энеси Зелиха айым (1856-1923) болгон. Алгачкы окуусун 1883-жылдын жайында Мержимекөртмеси кварталындагы мектепте каттоодон өтүп, аяктаган. Эркиндик тууралуу алгачкы пикирлерин 1886-жылы Рүштиян Аскерие деп аталган аскердик мектепке киргенинде устаты Колагчы Исмаил Хаккыдан үйрөнгөн. 1890-жылы байкеси Мүдеррис Хажы Хасиптен сабак алууну баштаган Гөкальп, 1891-жылы экинчи классынан Идад-и мүлкиете жеке үйрөнүүгө катталып, окуй баштаган. 1893-жылы окутуучусу доктор Йогиден философия сабактарын, Маариф мүдүрлүгү жана идадиден (орто мектеп) тарых окутманы Мехмет Али Айниден тарых сабагын алган. Зия Гөкалп , Мехмет Али Айниден алган сабактарынан тарыхтын кандайча изилденишин үйрөнгөн. Көп өтпөй орто мектептин 7 жылга узартылышынан улам Гөкальп, ал жерден кетүүгө аргасыз болгон. Ошол кездеги коомдун башынан өткөргөн кыйынчылыктарынын таасири, экономикалык туруксуздуктун себептеринен улам Стамбулда окуусун уланта албашы жана үй-бүлөөсүндөгү бир катар себептер Зия Гөкалпты катуу кайгыга салып, 1894-жылы өз өмүрүн кыйуусуна чейин жеткирген, бирок аман калган. Хилми Зия Үлкен, Зия Гөкалптын өз өмүрүн кыйуудан аман калышынын бирден-бир себеби катары агайы доктор Йорги мырзадан алган философиялык билими менен үй-бүлөөсүнөн алган диний тарбиясынын таасири деп белгилеген. Кайгылуу окуядан кийин өзүн кайрадан окууга жана билимге арнаган Гөкалп, билим алууну улантууну көздөп 1895-жылы бир тууганы менен кайрадан Стамбулга келген. Бирок акчасы жоктугунан аргасыздан ошол кездеги бекер кабыл алуучу айыл-чарба мектебине кирүүгө мажбур болгон. Гөкальп, Стамбулга келген күндөн баштап, батыш маданиятын да жакындан тааный баштаган. Мектепте тыюу салынган чыгармаларды окушу жана көз-карашы менен башкалардан айырмаланган Гөкальп, 1899-жылы сураштыруулардын артынан “тыюу салынган китептерди окуу жана зыяндуу журналдарга мүчө болуу” деген күнөө менен жаза үйүнө жөнөтүлгөн. Жаза үйүндө 12 ай отуруп чыккандан кийин мектептен чыгарылып, Диярбакырга айдалган. 1900-жылы тайкесинин кызына үйлөнүп, Диярбакырга отурукташкан Гөкальп, бир тараптан аялынын материалдык жетишкендигинен улам жакшы жашай баштаса, бир тараптан да акырындап эркиндик тууралуу эмгектерин уланта баштаган. 1903-жылдан баштап Диярбакырдагы соода үйүндө түрдүү кызматтарда иштеген; ошол эле учурда аймактык газетанын редактору кызматын алууга да жетишкен. 1905-жылы калкка карата жасалган зыяндардан улам аймактын башчысы Ибрахим Пашага каршы көтөрүлүшкө чыккан. Зия Гөкалп, 1908-жылы Иттихат ве Теракки партиясынын Диярбакыр, Ван жана Битлис комиссияларынын инспекциялыгына дайындалган. 1909-жылы Дарүлфунда окутуучулук кылуу максатында Стамбулга келип, ал жерде бир канча ай жашап калган. Бирок ал жерден жеткиликтүү маяна ала албагандыгына байланыштуу кайра Диярбакырга жөнөп, “Пейман” аттуу газетаны чыгара баштаган. 1909-жылдын акыркы айларында болсо Иттихат ве Теракки партиясы тарабынан Селаникке жөнөтүлгөн. Зия Гөкалп, 1912-жылы үй-бүлөөсү менен бирге дагы бир жолу Стамбулга келип отурукташкан. Бул мезгилде Дарүлфүнун жана педагогика факультетинде Гөкалптын билим тууралуу көз караштары кабыл алынган; сабактын программалары, окутула турган сабактар жана китептер анын сунушунун негизинде киргизилген. Ушул мезгилден тарта көз караштары жана иш-аракеттерин Түркчүлүккө арнаган Гөкалп, ошол эле учурда өмүрүнүн эң жаратмандык учурун жашаган. 1913-1914-ж.ж. өзүнө сунушталган Маариф Назырлын улуттук билим берүү министрилигинин кызматын кабыл алуудан баш тартып, гуманитардык факультетинде Ичтимаийат мүдерриситиги/социология окутуучусу катары кызматын уланткан. Бул кызматынын аркасында Гөкалп, Стамбул Университетинде алгачкы социология профессору болгон. Гөкалптын “Кызыл алма” аттуу чыгармасы 1914-жылы жарыяланган. 1917-жылы “Жаңы журнал” басылып чыгарыла баштаган. 1918-жылы болсо “Түрктөшүү, Исламдашуу, жана Муасырлашмак” аттуу чыгармасы менен “Жаңы жашоо” аттуу ыр түрүндө жазылган китебин жарыкка чыгарган. 1919-жылы январь айында “коомдук тартипти бузуу жана армяндарга каршы күч колдонуу” деген күнөө коюлуп, Divani Harpte аскердик соттун чечими менен дарга асуу чечими чыгарылган бирок, бул жазаны алган эмес, Мальтага сүргүнгө айдалган. Ал жакта абдан кыйын турмушту башынан өткөргөн Гөкалп, сүргүн мезгилиндеги иш-аракеттерин бир канча убакытка токтотууга аргасыз болгон. 1921-жылдын 30-апрелинде Карс согушунда туткундалган англиялыктардын каршылыгында Мальтага туткундалган түрктөрдүн бошотулушу менен бирге мекенине, Диярбакырга келген. 1922-жылы Miallim mektebi педагогика факультетинде философия сабактарын бере баштаган Гөкальп, бир жагынан да журнал чыгаруу аракеттерин улантткан. Бул мезгилде Ахмет Апаоглунун колдоосу менен “Күчүк межмуа (кичинекей журнал)” деп аталган журналын чыгарган. 1923-жылы маданий басылмалар мүдүрлүгүнө автордук укук жана которуу советинин башчылык кызматына келген Гөкалп, ошол жылы “Türkçülüğün Esasları (түркчүлүктүн негиздери)” аттуу атактуу чыгармасын жарыкка чыгарган. 1923-жылы 11-августа Диярбакырдан депутат шайланган Гөкалп, илимий, маданий иштерине тыным берген өңдүү көрүнгөнү менен кайрадан эле бул мезгилде маданий жана рухий иштеринин үстүндө иштей берген. Ушул жагынан “Жаңы Түркия” журналын чыгарган, баш мыйзамдын даярдалышына жардам көрсөткөн, түрк цивилизациясынын тарыхын бүтүрүүгө аракет кылган жана түрк тилин өнүктүрүүгө салымын кошкон. Бул мезгилде Гөкалп, улуттук адабияттын өнүктүрүлүшү жаатында да күч жумшаган. Кайрадан эле “Жаңы Түркиянын максаттары” аттуу эмгегин бул жылдарда жарыялаган. Ооруган күндөрүндө да “Түрк цивилизациясынын тарыхы» жана «Чынаралты» аттуу эмгектеринин үстүндө иштеген, керек болсо дарылануу үчүн Стамбулга улуттук билим берүү министиринен түрк цивилизациясы тарыхынын басылып чыгарылышы үчүн алган авансы менен келе алган. 1924-жылынын башында ооруган Гөкалп ошол жылдын 25-октябрында дүйнөдөн кайткан. Зия Гөкалп , күнүмдүк жашоосунда түнт, жоош болгон. Ошол эле учурда идеалист жана көтөрүлүшчү мүнөзгө да ээ эле. Гөкалп эң оор абалында дагы үмүтүн үзбөгөнчөлүк чечкиндүү мүнөзгө ээ болгон. Жашоосу боюнча эч бир убакта пикир жана иш-аракеттеринин артынан алкыш угууну көздөгөн эмес. Бир канча соттук чечимдер, түрмө жана сүргүн жазалоолорун да жеңе билишинин артында дал ушул чечкиндүүлүгүнүн чоң таасири бар. Жаш чагында, Султанга же жүргүзүлүп жаткан иш-аракетке каршы сөз сүйлөөдөн тартынбаган Гөкальп, курч көз карышынын жакындыгына карабастан өкмөткө кирген учурунда Ататүрккө абдан жакын болуу керектигин да сезбеген. Бала кезине дал келген кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдөн тышкары Гөкалптын өмүрү жалаң социалдык жана саясий алпурушуу менен өткөн. Ошол эле учурда эң кайгылуу күндөрүндө да өлкөсүнүн жеңишине (кутулушуна) болгон ишеними чоң болгон. Зия Гөкалпты, ойчул, коомдук жана ахлактык темаларда иш жүргүзгөн, акындык да өнөрү бар, көп учурда жогору кыялдануу, кенен ой жүгүртүү күчүнө ээ болгон. Күчтүү аналитикалык ой-жүгүртүүчү жана ата–мекенине арнап, чыгарган ырлардын ээси Гөкальп, ошол эле учурда үй-бүлөөсүнө да жоопкерчиликтүү адам болгон. Өмүрүнүн эң кыйын чагы-ооруган күндөрүндөрүндө, дарыланышы үчүн Ататүрктөн күткөн жардамы анын өлүмүнөн кийин да жубайына жана балдарына жардам берүүсүн каалаган.

Түркчүлүк жөнүндө түшүнүгү жана көз карашы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көптөгөн замандаштары көптөгөн түрк интеллигенттери сыяктуу эле Зия Гөкалп тын ой жүгүртүүчүлүк жөндөмүнөн улам аны Осмон империясынын кыйроо мезгилинде аттуу-баштуу саясий, аскердик, динчил жана экономикалык маселелерди чечүүдө из калтыргандыгы айтылат. Мунун бирден-бир себеби да Гөкальптын улутчул болгондугу менен түшүндүрүлөт. Көптөгөн тармакта чыгармаларды жараткан Зия Гөкалп тын пикиринин жаралыш процессине үй-бүлөө чөйрөсү, Исмаил Хаккы мырза, Йорган мырза, Исхак Сукутен жана Наим мырзалардын ж.о.э. жаштардын да таасири болгону айтылат. Көп учурда Гөкальптын ою башкалар менен бир болушундан Иттихат жана Теракки партиясында түрдүү милдетерди аткарган. Дуркгеймдин социологиялык божомолдоруна таянсак, Гөкалптын ойчулдугу жөнүндө көп нерселер айтылат. Атасы Тевфик мырза адабиятка кызыккандыктан уулун дагы эң жакшы деңгээлде тарбиялоону жана билимге кандырууну көздөгөн киши болгон. Ушундан улам Гөкалптын адабиятка болгон кызыгуусу, шыгы атасынан өткөн десек да болот. Европада чоңойгон жаштардын өз маданиятынан алыс калып, ал эми медереслерде окуган балдардын дүйнөдөгү өнүгүүлөрдөн кабардар болбой калыштарын байкап, салыштырган Тевфик мырза уулунун чыгыш баалуулуктарын өзүнө сиңирип, мусулман калуусу менен батыштык билим алуусун жана ар эки маданиятты тең үйрөнүп, аларды салыштыра биле жүрүүсүн каалаган. Тевфик мырзанын бул тарбиясы Зия Гөкалптын жашоосу үчүн чоң таасир калтырган. 1888-жылы 28-декабрда Намун Кемалдын өлүмүнөн улам Тевфик мырза уулун анын сыңары мекенчил эркин болууга үндөшү да Гөкалптын жашоосундагы бир бурулуш жылдардан болгон. Муну менен бирге энеси жана чоң энесинен алган билим жана чөйрөсүнүн таасири да Гөкалп үчүн эң аз атасыныкындай эле таасир жана багыт бергенин белгилөө керек. Диярбакырдан жекече философия сабагын алган док. Йорган мырза Стамбулга келгенинде Гөкальп жана анын досторун чогултуп алып, жыйын өткөргөн. Алар менен пикир алышууда Түрк жаштарынын мешрутиетти куруу үчүн катуу иштегендиктери мактана тургандай чоң эмгек экенин белгилеген. Жасала турган революциянын пайдалуу жана таасирдүү болушу үчүн сөзсүз өлкөнүн социологиялык жана психологиялык абалына туура келүүсү керек экендигин түшүндүргөн агайынын бул мурасы, Гөкалптын кылууну пландаган иштерине багыт, жол көрсөткөн. 1899-1900-ж.ж. жаза өтөөдөгү учурунда таанышкан Наим мырза, Гөкалп үчүн да маанилүү таасир берген инсандардан болгон. Наим мырза мешрутиеттин сөзсүз курула турганын бирок, алгачкы мешрутиеттин узак убакытка созулбасын, өкмөттүн интрига жана тирешүүлөрүнүн негизинде тарашын айткан. Анын ою боюнча, өкмөттүн тарашынын бирден-бир себеби болуп, терең уйкуда жаткан калктын мешрутиеттин баркын билбегендиги деген. Калкка мешрутиеттин керек экендигин түшүндүрүү керек. Мунун да жалгыз жолу эркин басма (сөз эркиндигин) болуп эсептелет. Гөкалп, басманы (сөз эркиндигин) эркиндештирүүгө болгон аракетинде жолуккан ар бир жашка сабак бергенин белгилеген. Өзүнө Наим мырзанын сөзүн мурас катары жакшы кабыл алган Гөкальп, аны өзү үчүн бир акыл агайы катары көргөн. Гөкалп, бул мурасты өзүнөн кийин дагы келе турган жаштарга түркчүлүктү билүүнүн мурасы катары сунган. Орто үйрөнүү (мектепте) жылдарынан баштап философия жана социологияга кызыгуусу арткан Гөкальп, французча сабактарын ошол мектебиндеги агайларынан өзгөчө Йорги мырзадан алган. Өзүнө философия кызыгуусун ойготкон да дал ошол Йорги мырза болгон. Руханий процесс катары, жаш түрктөр Иттихат жана Теракки партиясы менен Зия Гөкалп тын пикири жана байланышынын жакындыгы аскердик мектеп жылдарына чейин созулган. Императорлуктун ичинде жүргөндөгү кайгылар бир канча мектеп окуучусу сыяктуу Гөкалпка да терең таасир эткен. Ушул себептен Гөкалп, мектеп жылдарынан баштап өлкө маселелерине байланышкан темаларга жакындан кызыга баштаган, өмүрү боюнча бир канча саясий жана социалдык уюмдарда кызмат өтөгөн. Башында француз философу Альфред Фоулилледен таасирленүүсүнө карабастан Дуркхеймдин социологиясынын эң жакшы окуучусу болгон Гөкалп, бул шыктын таасиринен улам түрк социологиясынын мектебин курган. Кайрадан эле позитивист да жагы болгон Гөкалптын коомго карата бир багыт көрсөткөн коомдук теорема үстүндө иштегенинде дал ушул Дуркхеймдин пикири белгилүү ролду ээлеген. Зия Гөкалптын пикиринде Селаник маанилүү орунда турган. Гөкалп, Селаникке кеткенден кийин мурдагы пикирлеринин көбүн өзгөрткөн. Муну менен бирге медреселердин түзөтүлүшү жана билим берүүдөгү жаңылануу өңдүү жазууларында көп ойлонгон кээ бир көз карашынан артка кайткан эмес. Иттихат жана Теракки партиясы тарабынан Селаникке дайындалышы Зия Гөкалп тын өмүрүндөгү бурулуш мезгил болгон деп айтууга болот. Бул мезгилде тилде түркчүлүктү коргогон жаш калемгерлер тобуна катышкан; бул журналда тилде түрктөшүү менен байланышкан жазууларына киришкен. Бул жакта өзгөчө Өмер Сейфеттинден таасирленген Гөкальп, мындан ары “Түркчү Гөкалпка” айланды. Гөкальптын тилдин үстүндө иштөөсү тилдеги жаңыланууну жана түркчөлөшүүнү тездеткен. Анткени анын көз карашында коомдук иш-аракеттердин негизин жалгыз тил түзгөн. Маданиятты пайда кылган тилди, улут болуунун эң маанилүү куралдарынын бири деп эсептеген Гөкалп, тилде түрктөшүү болбосо намыстын, диндин жана мекенинин жоголушу деп эсептеген. Тилде жаңылануунун жана түрктөшүүнүн синоними катары “Аруу Түркчөчүлүк” түшүнүгүн колдонгон Гөкальп, аруу түркчөчүлүктүн, тилдин арап жана фарс тамырынан бөлүп салып, алардын ордуна түркчө тамырдан жаңы мүчө менен кылына турган түркчө сөздөрдүн колдонулушу катары белгилеген. Буга каршы синоним/антонимдери табылганга чейин сөздүк жана теримдердин арапча жана фарчалардын колдонууну сунуштаган.Ушундайча тилде жана маданиятта тимус негизинде өсүп чыккан динаминизмди кармап калууну каалаган Гөкалп түрктөшүү, исламдашуу жана муасырлашуунун тегерегинде түркчөнү, түшүнүк жагынан жаңылоо, терим жагынан исламдаштыруу грамматика жана жазуу жагынан болсо түрктөштүрүү керек экендигин белгилеген. “Түрктөшүү, исламдашуу жана муасырлашуу” аттуу чыгармасында да бул абалды “Түрк улутунданмын, ислам үммөтүндөмүн, европа цивилизациясынданмын” түшүнүгү менен ортого койгон. Зия Гөкалп тын “Түрк улутуна, ислам динине жана батыш цивилизациясынан болобуз” деп сунуш катарына кошкон сөзүн ошол эле учурда окшош саясий, экономикалык жана маданий таасирлерди алган Юсуф Акчура жана Хусейинзаде Али тарабынан да күн тартибине коюлгандыгы көрүнөт. Кайрадан эле бул жерде болушунча кең географиялык жерге, бай жана динамик маданий дүйнөсүнө ээ; экономикалык, социалдык жана аскердик жактан абдан күчтүү императордук мезгилден; социалдык уюмдук, экономикалык жана аскердик кыйынчылыктар менен бирге артка чегинүү маселелерине каршы теория иштеп чыгуу жана чечүү изилдөөлөрүнүн таасирдүү болгонун белгилөө абзел. Ошондуктан Зия Гөкалптын социалдык жактан көз караштары менен доордун социалдык окуялардын ичинде параллел байланыштын болгонун белгилөө керек. Алгачкы жылдарында Осмончулук жана үммөтчүлүк түшүнүгүндө болбосо дагы, исламчылыкка кызыккан Гөкальптын улутчулдук түшүнүгү менен заманбап улут-мамлекеттин жана жаңы республиканын куруучу улутчулдук түшүнүктөрүнүн арасында чоң жашыруун бар. Гөкальптын пикири боюнча, улутту түзгөн баалуулуктардын башында тил бирдиги, маданий байланыш жана дин турат. Башка түшүнүк менен Гөкалп, бир маданий улутчулдукту биринчи коюп, улут болуу үчүн этникалык айырмачылыктарга көңүл бурган эмес. Буга Гөкалп, “маданий улутчулдук” атын берген. Ушундайча Гөкалп дүйнө жана географиялык чындыкка ылайык улут катары идентификацияга карай үндөйт. Республиканын куруучу башчылыгы (ирадеси) тарабынан жакшы кабыл алынган Гөкальптын бул улут жакындыгы, башында Америка Кошмо Штаты болуп, ал күнүбүздө дагы коомдордо да маанисин жоготкон жок. Зия Гөкалп тын улут болуунун бирден-бир элементи орток дин менен диндарлыкка таянган биргелик бир-биринен айырмаланат жана ансыз да Гөкальп; “үммөт” белгилеген орток диндарлыкка да каршы турат. Анын ою боюнча; дин, бири-биринен айырмаланган аймактарда, айырмаланган маданий дүйнөлөрдө жана өзгөргөн коомдордо окшош болушу мүмкүн; бирок, улут болуу үчүн орток динден сырткары да орток маданий жана тилдин болушу керек; орток маданият үчүн орток коомдук иштер, алыш-бериштер ж.б. муктаждыгы бар. Мунун тегерегинде; диндин тилинин дагы түркчөлөштүрүү керек экендигин белгилеген Гөкальптын бул жакындыгы, республиканын курулушунун алгачкы он жылындагы бир мезгилди басып өткөн. Борбордук бир дин кызматтары башчысынын курулушунда (диний иштер башкармалыгы) болгон өңдүү, бир канча республика курулушуну менен, саясий, маданий жана диний иш-аракеттердин пайда болушунда да Гөкалптын таасири болгонун айтууга болот. Ушундан улам, экинчи өкмөткө шайланган Зия Гөкалп менен Ататүрктүн ортосунда бир жакын байланыш болбосо дагы; пикир паралеллдиктерин жана байланыштардын болгондугу белгилүү. Анткени оорусунун күчөшүнөн улам, чыгымдарын мамлекет тарабынан төлөнүшү менен мекендин сыртында дарылануусун сунуштаган Ататүрктөн; ал дарылануунун чыгымдарын эмес, өзүнөн кийин үй-бүлөөсүнө жардам берүүсүн каалаган Гөкальптын бул каалоосун, Ататүрктүн сунушу менен өкмөт тарабынан чыгарылган атайын буйрук менен орундалган. Маданий улутчулдукка басым жасаган Гөкалп, этникалык улутчулдукка каршы пикирге ээ эле. Анын ою боюнча коомдордун мүнөзү генетикалык эмес маданий жана билим аркылуу калыптанат деген. Гөкалптын расалыкка каршы болушу руханий жана социалдык чындык менен бир-бирине дал келет. Зия Гөкалптын республика жана демократия тууралуу пикиринде да өзгөрүү болгон. Падышага каршы айтылган сөздөрүн мешрутиеттин жарыяланышы менен алып чыккан Гөкалп, согуш жылдарында да мекен менен дининин саламаттыгы үчүн халифат Султанга дуа кылган. Муну менен бирге ал эч качан эркинчил жана калкчыл мүнөзүнөн жазган эмес. Анын ар кыл эмгектери, ырларынын темасы мекен, улут, эркиндик, улуттун билими жана ойгонушуна багытталган. Зия Гөкалп тын көз карашында Түркчүлүк өзгөчө орунда турган. Анткени Гөкальптын эмгектеринин баары түрк коомунун өтмүшү, күнү жана келечеги менен Түрк тили, түрк маданиятына басым жасаган. Бул сезим жана пикир менен ал, илимий ахлактык, маданий жана философиялык түркчүлүк түшүнүгүн ортого койгон. Гөкалптын 1908-жылдан кийин түрк улутчулдарынын катарына кошулушу менен улутчулдук-бир системага айланган. 18 жыл түрк коомунун социалдык жана маданий структурасы жаатында иштеген Гөкальп, бул жыйнагын жаш калемгерлер журналында өзгөчө “Туран” ыры аркылуу тилге салган. Илимий түркчүлүктү ортого койгон Гөкалп, “Түркчүлүктүн негизинде түркчүлүктү” “Түркчүлүк, Түрк улутун жогорулатуу” деп түшүндүргөн. Анын көз карашында түркчүлүктүн жакын жана алыс болуу менен эки максаты бар. Жакыны “Огуз же Түрмөн биргелиги” алысы болсо, “Туран”. Түркчүлүктүн негизи Түркиячылык , “Огузчулук же Түрмөнчүлүк жана “Туранчылык” катары үч бөлүмгө алып караган Гөкальп, республиканын жарыяланышынан кийин акыркы экөөнөн баш тарткан жана идеалдуу деп “Түркиячылыкты” көрсөткөн. Түрк коому үчүн ылайык көргөн Түркчүлүк болсо коомдук Түркчүлүк болгон. Цивилизациянын маданияттан кийин жана анын чыгармасы болгонун айткан Гөкальп, түркчүлүктүн негиздеринде маданиятты пайда кылган элементтерди 8 бөлүмдө изилдеген. Алар, тилде, эстетикада, ахлакта, укукта, динде, экономикада, саясатта жана философияда Түркчүлүк! Жыйынтыктап алганда Зия Гөкалп, түрк аң-сезими, маданият жана саясат тарыхынын көрүнүктүү инсандарынын бири. Императорлук мезгилинен улуттук-мамлекетке өтүү мезгилинде жашаган Гөкалптын бетме-бет келген маселелер жана кыйынчылыктардын таасири менен түрк коому менен түрк маданиятынын үстүндө ортого койгон социологиялык, маданий жана социалдык теория жана баалуулуктары бүгүн дагы уланууда. Анткени Гөкалптын бир канча социалдык, диний жана маданий пикир жана сунуштары жаңы курулган республика менен бирге кетүү мүмкүнчүлүгүн тапкан. Гөкалптын бул коомдун үстүндө иштөөсүндө батыштын таасири болгону ачык. Зия Гөкалп түрк социологиясынын алгачкыларынан. Социология илими да жаңы Түркиянын курулушунда маанилүү кызматтарды көтөргөн. Социология Түркиянын батылашууга киришүү мезгилинде, жаңы бир кимдик түзүү аракеттеринде жол көрсөтүүчү болгон, алгачкы күндөрүндө саясий тартышууларга багыт бере ала турган таасирди колуна алган. Түрк улутчулдугунун пикиринин куруучусу болгон Зия Гөкалп тын ою боюнча Түркия Республикасы экинчи мешрутиет мезгилинен баштап, түрк улутчулдугунун кыялын коштогон “улуттук мамлекет” катары курулган. Түрк улутчулдугунун пикиринин куруучусу Зийя Гөкальп, Мустафа Кемал тарабынан курулган улуттук мамлекеттин т.а. Түркия республикасынын арткы планындагы же негизги пикир булагы б.э. Эрте көз жумганына карабастан Түркия республикасынын курулуш философиясы мамлекетти түптөөдөгү пикирлердин чордонунда өзгөчө Ататүрк мезгилинде жүргүзүлгөн социал-маданий саясаттын аркасында Гөкалптын да пикирлери жатат. Гөкалптын республика революциясы башкача айтканда Ататүрк ыңкылабынын таасири жаатында жергиликтүү жана сырткы илим, пикир адамдарынын да пикирин жазган. Гөкалптын чыгармаларын көздөн кечирүүдө бул абал ачык көрүнөт. Гөкалптын ою боюнча Түркия республикасын куруп, Түрк улутчулдугун мамлекеттик деңгээлге көтөргөн Мустафа Кемал. Мустафа Кемал да Гөкальп үчүн “денемдин атасы Али Рыза Мырза, пикирлеримдин атасы Зия Гөкалп ” түшүнүгүн колдонуу менен бул абалды ачып берген. Түрк улутунданбыз дегенибиз үчүн тилде, адабиятта, ахлакта, укукта керек болсо динде жана философияда түрк маданиятына, түрк ырахаттыгы, түрк ыйманына карата бир чындык көрсөтүүгө аракет кылабыз. “Ислам үммөтүндөнмүн” дегенибиз үчүн намазыбызда эң ыйык китеп Куран-и Керим, эң ыйык адам Хазрети Мухаммед, эң ыйык жер Кабе, эң ыйык дин Ислам болот. “Батыш цивилизациясынанбыз” дегенибиз үчүн илимде, философияда, башка маданий иш-аракеттерде даана европалыктар сыяктуу аракет кылабыз. Түрктөр ахлакта биринчи улут. Мекени ахлакы, кесиптик ахлакы, үй-бүлөө ахлакты, маданий ахлакы, эл аралык ахлакты күчтөндүрүшүбүз керек. Түркияда жүздөгөн керек болсо миңдегендер мекенин жоготкон. Бирок маданий ахлактыгы төмөн болгон Англияда эч качан мекенин сатуу чыкпады. Биз дагы улуттук биргеликти күчтөндүрүү үчүн мекендик ахлактыкты жогорулатуубуз керек. Улуттук маданиятыбызды, баардык жакшы нерселерин качан гана ортого чыгарсак, мекенибизге болгон сүйүүбүз да ошончо артат. Бир гана коркунучту учурда эмес. жакшы шартта да өзүбүздүн бардык күчүбүздү жумшай алабыз. Бизде француздарга, англиялыктарга, немецтерге, орустарга, италияндыктарга тиешелүү жакшы сапаттарыболсо ал экзотикалык кооздуктар болушу мүмкүн. Бул кооздуктарды жактыруу менен бирге эч качан көңүлүбүздү аларга бербейбиз. Эч биринин маданиятын туурого мүмкүн эмес. Бардык маданиятка баа беребиз, сыймыктанабыз. Түркчүлүк; бүтүн сүйүү менен бир гана өзүнүн чыныгы маданиятына ээ . О.э. шовинистикалык жана артта калуучулук мүнөзгө ээ эмес. Тилде түркчүлүктү колдонобуз. Улуттук тилибиз Стамбул түркчөсү. Түркчөсү табылган жана эч бир мааниси болбогон сөздөрдү тилибизден алышыбыз керек. Бирок, тилибизде болбогон сөздөр үчүн мунун кереги жок. Калктын колдонгон тили түпкү түркчө болуусу абзел. Гөкалптын программасы “Көз карандысыз согуштан” кийинки Мустафа Кемалдын прграммасы болгон. Кээ бир темаларда Мустафа Кемал, Гөкальпты артка таштаган. “Бир Түрк – дүйнөгө тете” деген Ататүрк, түрк расасын жогору койгон. Түрк расасынын тамырында “таза кан” жүргөн. “Улуу улутума мындай сунуш берем, башка келе турган адамдын канындагы башкы рудасын дайындоодон бир аз узак болбосун” деген сөздөр Ататүрккө тиешелүү. Айрыкча Ататүрк түрк улутчусумун. Ушундай төрөлдүм, ушундай өлөм. Түрк биргелигинин бир күнү ачыкка чыгарына ишеничим бар. Мен көрбөсөм дагы көздөрүмдү дүйнөгө, түштөрүмдө көрөм. Мен түрк биргелигине ишенем. Аны көрүп турам, эртеңкинин тарыхы, жаңы башталышты түрк биргелиги менен ачат. Кашгардык Махмуттун дегени сыңары “Теңир, Түрктү, адамдык тынччылыктан кутулсун деп жараткан”. “Стамбул тилинин улуттук тил болуп кабыл алынышы жана европа цивилизациясы ичинде түрк маданиятынын орду болууга тийиш. Мекен Түркия эмес, Түрктөр, Түркстан да эмес; мекен чоң мүеббед (сонсуз) бир мамлекет; Туран! Туран, Түрктөрдүн бүтүндүгүн ичине камтыган жана Түрктөрдөн башкаларын сыртка калтырган мефкуреви (идеологиялык) – мекен. Туран, түрктөрдүн жайгашкан түркчө сүйлөгөн бардык өлкөлөрдүн жыйындысы. “Гөкалп да, Ататүрк да Туранжы төрөлдү, Туранжы жашоо өткөрдү, Туранжы бойдон өлүштү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]