Золдор

Википедия дан

Золдор (нем. Sol - коллоиддик эритме) – дисперстик чөйрөсү суюк, жогорку дисперстүү коллоиддик система. З. дисперстик фазасынын бөлүкчөлөрү аларды курчаган дисперстик чөйрөнүн мол-лары сольваттык катмары менен мицелланы түзөт. Алар Броун кймылына бири бирине көз карандысыз катышат жана дисперстик чөйрөнүн бардык көлөмүндө тегиз таралат. Лиозол бөлүкчөлөрөнүн өлчөмүнүн чеги 10-7-10-5см. З-дун дисперстик чөйрөсү суу болсо гидрозоль, орг. чөйрө болсо органозоль деп аталат. Органозолдор чөйрөнүн хим. курамына жараша бензозоль, алкозоль, этерозоль ж.б. деп айырмаланат. Коллоиддик-дисперстик фазаны камтыган куймалар пирозоль деп аталат. Пирозолду муздатканда дисперстик чөйрөнүн айнектешүүсү же кристаллдашуусу натыйжасында катуу З. пайда болот. Дисперстик фаза жана дисперстик чөйрө бөлүкчөлөрүнүн өз ара аракеттенүү мүнөзү б-ча дисперстик системалар лиофилдик жана лиофобдук болуп бөлүнөт. Лиофобдук, анын ичинен гидрофобдук З. термодинамикалык теңдешсиз агрегаттык жактан туруксуз, дисперсияланган бөлүкчөлөрү агрегацияга-коагуляцияга жөндөмдүү дисперстик система болушат. Ошондуктан мындай З. конц. түрдө алынбайт жана азыраак электролит кошкондо, темп-раны жогорулатканда ж.б. коагуляцияланат. Алардан айырмаланып лиофилдик З. дисперстик фазасы, дисперстик чөйрөнүн чегинде өтө аз салыштырма беттик энергияга ээ, бөлүкчөлөр чөйрө менен күчтүү сольватташкан болот. Мындай З. агрегаттык жактан туруктуу жана термодинамикалык теңдештикте болушат. Лиофилдик З. эки суюк фазанын же суюктук менен буунун аралашуусунун критикалык темп-расында пайда болгон эмульсияларды жана тумандарды өзүнө камтыган дисперстүүлүгү жогору болгон эмульсиялар кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]