Золотарёв Александр Михайлович

Википедия дан

Золотарёв Александр Михайлович, этнограф, тарыхчы, Сибирь, Индия, Индонезия ж.б. аймактардын этнографиялык материалдары менен иштеген, этнография илимине бир катар илимий пикирлерди, тыянактарды сунуш эткен окумуштуу. Алгачкы коомдук түзүлүштөгү тотемистик түшүнүктөр, дуалистик түзүлүш, алгачкы коомдун мифологиясы боюнча эмгектерди жазган окумуштуу. 1907-ж Украинанын Харьков шаарында туулган. Ата-энеси өз мезгилинин абдан билимдүү адамдарынан болгон. А.М.Золотарёв алгач, Харьков шаарынан жети жылдык билим алып, андан соң 1924-ж. Москва шаарына көчүп келишет. Мектепти аяктагандан кийин Г.В.Плеханов атындагы Эл чарба институтуна келип кирип, алгач технологиялык, андан соң, экономикалык факультетке которулган. Этнография жана алгачкы коомдун тарыхы илимдерине сүнгүп кирип, 4-курстан окуусун таштап кетет. 1930-ж. ГАИМКда (Государственной академии истории материальной культуры) аспирантурада окуп, ЛИФЛИде (Ленинградский институт философии, литературы и истории) кошумча сабак берген. А.М.Золотарёв СССРде согуш алдындагы эң бир жаркын этнографтардын бирине айланган. Ал өзүнүн кыска бирок нуска жашаган өмүрүндө бүгүн да илимдеги өз акталдуулугун жогото элек эмгектерди калтырып кетти. 1930-1932 жж. Ленинградда жашап, аспирантурада окуйт. 1932-ж. аспирантураны аяктагандан соң, МО ГАИМКнын МГУнун Антропология институтунун кызматкери, Коммунисттик университете лектор болуп эмгектенет. 1934-ж. 1937-ж. илимдин кандидаттык диссертациясын аяктап, аны коргобостон эле кандидаттык илимий наамга ээ болгон. МИФЛИде М.О.Косвен, М.Г.Левин, С.А.Токарев өңдүү ж.б. окумуштуулар менен бирге иштеген. МИФЛИнин доценти, 1937-ж. МОПИнин доценти болуп иштейт. 1927-ж. комсомолдук кызматта иштеп турганда айткан жана сүйлөгөн ачык сөздөрү, көзкаранды эмес көз карашы үчүн өмүрүнүн аягына чейин жооп берүүгө аргасыз болгон. 1937-ж. Москвадан куугунтукталгандан соң, Воронеж университетинде Алгачкы коомдун тарыхы, Байыркы дүйөнүн тарыхы, этнографиядан дарс берип жүрөт. Ал 24 жашында «Происхождении экзогамии» деген монография жазып чыгат. Анын "Дуальная организация первобытных народов и происхождение дуалистических космогоний" аттуу докторлук диссертациясы мазмуну, теориялык дэнгээли боюнча өз учурундагы эң мыкты изилдөөлөрдөн болгон. Тилекке каршы, илимий иштин айрым бөлүктөрү фрагментардуу гана формада 1964-ж. жарык көргөн. А.М.Золотарёв согуш башталганда өз ыктыяры менен фронтко кетет да, фашистерге туткунга түшүп калат. Туткундан качып, кайрадан Москвага келет. Бирок, 1942-ж. 26-январында Совет мамлекетинин душманы деген жалаа менен он жылга эркинен ажыратылган. 1943-ж. 6-апрелде түрмөдө каза табат. 1957-ж. кайрадан акталган.

Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Происхождение экзогамии // ИГАИМК. 1931. Т. 10, вып. 2/4. С. 1-96;
  2. Пережитки тотемизма у народов Сибири. Л., 1934;
  3. К вопросу о происхождении эскимосов // Антропологический журнал. 1937. № 1. С. 47-56;
  4. Из истории этнических взаимоотношений на северо-востоке Азии // Изв. Воронежского педагогического института. 1938. Т. 4. С. 73-87 (то же: Кунсткамера МАЭ им. Петра # Великого РАН: Избр. ст. СПб., 1995. С. 180-200);
  5. Родовой строй и религия ульчей. Хабаровск, 1939;
  6. Первые сведения о юкагирах и чукчах // ИМ. 1939. Кн. 2. С. 188-192;
  7. К истории ранних форм группового брака // УЗ ИФ МОПИ. 1940. Т. 2. С. 144-170;
  8. 35 дней в фашистском плену // Юность. 1942. № 6 (то же: ЭО. 1995. № 5. С. 3-6);
  9. Родовой строй и первобытная мифология. М., 1965;
  10. The bear festival of the Olcha // American Anthropologist. 1937. Vol. 39, N 1. P. 113-130;
  11. The ancient culture of North Asia // Ibid. 1938. Vol. 40, N 1. P. 13-23;
  12. Иванов В. В. Дуальная организация первобытных народов и проблема дуалистических космогоний: рец. на книгу А. М. Золотарева "Родовой строй и первобытная мифология" // # СА. 1968. № 4. С. 276-287; Решетов, 1994 (2). С. 352-353.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015