Зоналуулук (географияда)
Зоналуулук (географияда) - жаратылыш кубулуштарынын, компоненттеринин, ландшафттарынын кеңдик багытта (экватордон уюлдарга карай) закон ченемдүү (ырааттуулук менен) өзгөрүшү. Зоналуулукту дүйнөлүк закон катары (жер бетинин бардык бөлүктөрүнө жана жаратылыштын бардык компоненттерине мүнөздүү) биринчи жолу В. В. Докучаев (1898) сунуш кылган.
Жердин шар сымал формасы, ошого байланыштуу күн нурларынын жер бетине экватордон уюлдарды карай улам азайган бурч менен келип түшүшү зоналуулукту пайда кылат. Анткени экватордон уюлдарды карай жер бетин күн нуру улам азыраак жылытат. Бирок планеталык-астр. факторлор жер бетинде зоналуулуктун пайда болушуна шарт түзсө, зоналуулук жер бетинин түрүнө (кургактык же океан), деңиз жана аба агымдарынын таасирине, аймактын абсолюттук бийиктигине, рельефине жараша болот, башкача айтканда зоналуулуктун даана көрүнүшү географиялык катмардын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Анын үстүнө жаратылыш компоненттери ар түрдүү болгондуктан, алардын өнүгүү закондору да ар башка мүнөздө. Климаттык, гидрологиялык, рельефтик, топурактык, өсүмдүктүк ж. б. зоналардын чектери бири-бирине дал келбейт. Айрым компоненттерде (өсүмдүк-топурактарда) зоналуулук айкын билинсе, бөлөк компоненттерде (мисалы, рельефте, борпоң тоотек катмарларында ж. б.) анчалык даана байкалбайт. Бирок, жаратылыш компоненттери өз ара аракетте болгондуктан, алар бири-бирине таасир тийгизет ылайыкташат. Ошондуктан жер бетинде бирдиктүү табигый же ландшафттык зоналар калыптанат. Бир зонада ландшафттардын айрым бир түрү басымдуулук кылат. Ландшафттык зоналар жер бетинде өтө татаал, мозаикалык көрүнүштү пайда кылат: айрым зоналар (чөлдөр, талаалар) материктердин ичкери бөлүгүндө калыптанса, башкалары (мисалы, токойлор) океанга жакыныраак тилкени түзөт. 3оналар кеңдик багытта эле созулбастан, айрым учурларда меридиан багытында да (Түндүк Америкада ) жатат. Кээ бир зоналар кеңири (тайга, саванна сыяктуу), айрымдары куушураак тилкени түзөт. Тоолуу аймактарда кеңдик зоналуулук бийиктик алкактуулук менен алмашат. Зоналуулук күн радиациясы сиңген жер бетинде жана ага жанаша жаткан абада, сууда, жука жер кыртышында гана даана байкалат. Атмосферада ал абанын жер бетиндеги катмары деген төмөнкү бөлүгүндө (орточо калыңдыгы 1,5-2,5 к*, максимуму 4 км), сууда күн нуру сиңген 200 м тереңдикке чейин, кургактыкта жер астындагы сууларга чейинки үбөлөнүү катмарында (2-3 мден 100-120 мге чейин) ачык байкалып, алардан жогору же төмөн карай бүдөмүктөнүп кетет. Бирок, зоналуулуктун кыйыр белгилери географиялык катмардын эң четки чектеринде да кездешет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5