Зооциддер

Википедия дан

Зооциддер (гр. zоо...— жаныбарлар жана лат. caedo — өлтүрөм) — а. ч. өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүчү омурткалуу жаныбарлар жок кылуу үчүн колдонулуучу хим. уулуу заттар. 3. зыянкечтердин түрлөрүнө жараша родентициддер, авициддер жана ихтиоциддер болуп үч топко бөлүнөт. Родентициддер кемирүүчү жаныбарларды жок кылуучу уулуу заттар. Аларга таллий сульфаты Тl2SО4, мышьяк кээ бир бирикмелери, цинк фосфиди Zn3Р2 жана башка тиешелүү. Авициддер аба жолдорунда, автомобиль жолдорунда тоскоолдук кылуучу канаттуу жаныбарларга каршы колдонулуучу уулуу заттар. Аларга фетион, мевинфос, паратион сыяктуу заттар тиешелүү. Авициддер дайыма эле канаттуу зыянкечтерди кырып жоготуш үчүн эмес аларды чочутуп, үркүтүп качырыш үчүн да колдонулат. Ихтиоциддер — айрым пайдасыз начар балыктар-ды жоготуш үчүн колдонулуучу уулуу заттар. Ихтиоцид катарында көбүнчө ротенон препараты колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]